✅ Айып короо жайынын аймагына электр унааларын кубаттоочу станция орнотулат
Автор: ОшТВ Каналы
Загружено: 2026-01-27
Просмотров: 972
Описание:
🔹Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Манас-Ата аймактык башкармалыгында курулуп жаткан муниципалдык айып короо жайынын курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен көрүп, аталган аймакка электр унааларын кубаттоочу станция орнотуу боюнча тапшырма берди.
🔹Аталган айып короо жайында асфальт төшөө иштери аткарылып, айланасына тирөөч дубалдар курулуп, тосмолонду. Мындан сырткары, «Ошсвет» муниципалдык ишканасы тарабынан заманбап жарыктандыруу системалары орнотулуп, кызматкерлер үчүн офис жайлар уюштурулду.
🔹Айып короо жайы 50–60 унаага ылайыкталып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле унаа токтотуу эрежелерин бузуу фактыларын азайтуу максатында ишке ашырылууда.
Повторяем попытку...
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео
-
Информация по загрузке: