Мэр социалдык жактан коргоого муктаж балдар үчүн курулуп жаткан турак жайдын абалы менен таанышты
Автор: ОшТВ Каналы
Загружено: 2026-01-28
Просмотров: 2431
Описание:
🔹Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев балдар үйлөрүнөн тарбияланып чыккан жаштар үчүн курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты. 28 батирден турган турак жайдагы жумуштар бекитилген графикке ылайык уланууда.
🔹Бул батирлер курулуп бүткөндөн кийин “Лотос” жана “Алтын уя” балдар үйлөрүнөн чыккан жаштар турак жай менен камсыз болушат. Мэр Жеңишбек Токторбаев батирлер бардык зарыл шарттар менен курулуп, турмуш-тиричилик техникалары менен да камсыздала турганын белгиледи.
🔹Учурда объектте курулуш иштеринин бир нече багыты боюнча активдүү иштер жүргүзүлүп, фасаддык жумуштар башталып, имаратты жылуулоо системасы орнотулууда.
🔹Ошондой эле имараттын ички бөлүгүндө дубалдарды демонтаждоо иштери аяктап, шыбак иштери аткарылууда. Ага кошумча, тиешелүү мекеме-ишканалардын адистери тарабынан сантехникалык жана электр монтаждоо иштери толук бүткөрүлдү.
Повторяем попытку...
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео
-
Информация по загрузке: