✅ Таңкы рейд Ош көчөсү Манас айланма жолуна чейин кеңейтилет
Автор: ОшТВ Каналы
Загружено: 2026-01-28
Просмотров: 1290
Описание:
🔹Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликте Манас-Ата аймактык башкармалыгына караштуу Ош көчөсүндө кезектеги таңкы рейд өткөрдү.
🔹Рейддин жүрүшүндө аталган көчө Раимбеков көчөсүнөн Касымбеков көчөсүнө чейин төрт тилкелүү жол катары кеңейтилери белгиленди. Ошондой эле бул көчө Ош эл аралык аэропортуна алып чыгуучу кошумча альтернативдүү жолдордун бири болору айтылды. Ушуга байланыштуу, кызыл сызыкка чыккан мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштерин баштоо тапшырмасы берилди.
🔹Мындан тышкары, шаар мэри Ош көчөсүндө жайгашкан “Жетиген” билим берүү мекемесинин аймагындагы коммерциялык объекттин курулушунун мыйзамдуулугун текшерүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди.
🔹Белгилей кетсек, аталган көчө 24 метрге чейин кеңейтилип, эки тарабында жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар жана жашыл аймактар каралат.
Повторяем попытку...
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео
-
Информация по загрузке: