ycliper

Популярное

Музыка Кино и Анимация Автомобили Животные Спорт Путешествия Игры Юмор

Интересные видео

2025 Сериалы Трейлеры Новости Как сделать Видеоуроки Diy своими руками

Топ запросов

смотреть а4 schoolboy runaway турецкий сериал смотреть мультфильмы эдисон
Скачать

Аары тууралуу кермет аят!

Автор: БЕЙИШ НУРУ

Загружено: 2019-06-01

Просмотров: 95341

Описание: Бал аарысын күнүгө эле көрөбүз. Бирок ага эч маани бербейбиз. Бизди эч таң калтырбайт. Бирок бизге кичинекей көрүнгөн ошол аары, өтө чоң кереметтерди өзүнө камтып жүргөнүн билбей жатабыз аттиң. Ыйык Куранда Нахл б.а. Бал аарысы аттуу сүрө бар. Бул сүрөдө аары тууралуу кереметтүү аят бар. Бирок бул аяттын кереметтүүлүгүн дагы да жакшыраак түшүнүү үчүн алгач арап тилинин граматикасына азыноолак карап көрөлү.
Арап тилинин грамматикасында эркеке карата өзүнчө, ургаачыга карата өзүнчө колдонулган этиш бар. Б.а. орусчадагы мужской, женский род сыяктуу. Адамбы, жаныбарбы, өсүмдүкпү же бир буюмбу айтор баары эркек жана ургаачы болуп бөлүнөт.
Нахл сүрөсүнүн 68-69- аяттарында Аллах Таала мындай деп айтат:
“(68)Эгең бал аарыга: “Тоолорго, жыгачтарга жана адамдардын курулуштарына уя сал”-деп буюуруп; (69) “Ар түрдүү өсүмдүктөрдөн жеп, эгеңдин жеңил кылып койгон жолуна түш!”-дедик. (Аллах) (алардын) аарынын ичинен түрдүү-түрдүү балдарды чыгарды. Анда адам баласы үчүн шыпаа бар. Чындыгында, мында да ой жүгүрткөн коом үчүн ибарат-өрнөктөр бар.”
Арап тилинде эркек аарыга да, ургаачы аарыга да бир эле сөз колдонулат. Аары үчүн мужской, женский, род жок. Экөөнө тең “нахл” делинет. Бирок Куран аарынын иш аракеттерин сүрөттөөдө ургаачы аарыга колдонулган этишти колдонууда. Булар кайсыл жерлеринде кездешет карап көрөлү.
Биринчиси: “Уя сал”-деген жерде эркек үчүн колдонулган “Иттахиз” сөзүнүн ордуна, ургаачы үчүн колдонулган “Иттахизи” сөзү колдонулууда.
Экинчиси: “Ар түрдүү өсүмдүктөрдөн жеп” деген аяттагы “Жеп”-деген мааниге келген, эркек үчүн колдонулган “кул” сөзүнүн ордуна болсо, ургаачы үчүн колдонулган “кулий” сөзү колдонулууда.
Үчүнчү: “эгеңдин жеңил кылып койгон жолуна түш”-деген аяттагы “Түш”-деген мааниге келген, эркек үчүн колдонулган “Услук”-сөзүнүн ордуна, ургаачы аары үчүн колдонулган “Услукий”-сөзү колдонулууда.
Төртүнчүсү: “бал анын ичинен чыгат”-деген мааниге келген жердеги “ал” деген мааниге келген, эркек үчүн колдонулган “Ху” сөзүнүн ордуна, ургаачы аары үчүн колдонулган “Ха”сөзү колдонулууда.
Демек Курандын айтуусу боюнча уя куруу, өсүмдүктөрдөн жеш, жеңил жолго түшүш, ичинен бал чыгруу сыяктуу кыймыл аракеттердин баары ургаачы аара тарабынан аткарылууда. Демек бул иш аракеттерди аткарган ургаачы аары. Чынында эле ошондойбу? Азыркы күндүн илим техникасы бул аят тууралуу эмне дейт? Келиңиздер карап көрөлү.
Илимий изилдөөлөрдүн натыйжасында уя куруу, бал чыгаруу сыяктуу милдеттер бул ургаачы бал аарылардын милдети болгондугу аныкталган. Эркек бал аарылардын бул иштерге эч кандай тиешеси жок. Эркек бал аарылардын милдети болсо ургаачы аарылар менен аргындашып, тукумунун улануусуна салым кошуу гана. Мындан башка милдети жок алардын. Аргындашкандан кийин ургаачы бал аарылар, эркек бал аарыларды уясынан кууп чыгышат. Ургаачы бал аарынын карамагында жашап көнүп калган эркек аары натыйжада сыртта жалгыз өлүп калат.
Мынакей! Кереметтүү Куран 20-21-кылымдрды араң изилденип чыгылган илимий ачылышты 1400 жыл мурун эле айтып коюптур. Демек Куран Аллахтын сөзү, а.э. аны элге жеткизүүчү болгон Мухаммад САВ Аллахтын кулу жана элчиси.
Аяттын соңунда ой жүгүрткөн коом үчүн өрнөк ибараттар бар деп жатат. Балким эркек аарылардын бул абалы азыркы күндөгү аялынын гана карамагында жашап калган эркектер үчүн, же аялдарын сыртка иштеткени жибергендер үчүн ибарат бардыр. Ургаачысынын кармагынан чыккан аарынын соңу кайгылуу болгондой эле аялынын карамагына кирген эркектердин да соңу убайымдуу болуп калаар. Айтор бул да өзүнчө чоң тема, чоң көйгөй. Бирок биз аятта айткандай ойлонуп, ибарат алалы.
Аяттагы “Балда адам баласы үчүн шыпаа бар” деген жерин кийинки чыгарылышта кененирээк ачыктаарбыз.
#бейишнуру,

Не удается загрузить Youtube-плеер. Проверьте блокировку Youtube в вашей сети.
Повторяем попытку...
Аары тууралуу кермет аят!

Поделиться в:

Доступные форматы для скачивания:

Скачать видео

  • Информация по загрузке:

Скачать аудио

Похожие видео

СРОЧНО! МАНАС ШААРЫНДА БАШТАЛДЫ / ЭЧ КИМ КҮТКӨН ЭМЕС / ЖАПАРОВ ЛИЧНО БУЙРУК БЕРДИ / КОНТРОЛГО КАТУУ

СРОЧНО! МАНАС ШААРЫНДА БАШТАЛДЫ / ЭЧ КИМ КҮТКӨН ЭМЕС / ЖАПАРОВ ЛИЧНО БУЙРУК БЕРДИ / КОНТРОЛГО КАТУУ

Эч ким биле албаган беш кайып!

Эч ким биле албаган беш кайып!

🔴Para Ramazanit, Lexoje Këtë Lutje!Zoti Do të Hape Dyert e Rizkut (InshaAllah)

🔴Para Ramazanit, Lexoje Këtë Lutje!Zoti Do të Hape Dyert e Rizkut (InshaAllah)

ЭЛ КҮТПӨГӨН БОЛЧУ! ТАШИЕВ ООР АБАЛДАБЫ? КАРАЛООНУ ТОКТОТКУЛА! ЭКИ ЧЫНЫГЫ ДОС БИРИКСИН

ЭЛ КҮТПӨГӨН БОЛЧУ! ТАШИЕВ ООР АБАЛДАБЫ? КАРАЛООНУ ТОКТОТКУЛА! ЭКИ ЧЫНЫГЫ ДОС БИРИКСИН

Бармактын издери тууралуу!

Бармактын издери тууралуу!

ТЕЗ КӨР😱ТАЙМУРАС ТАШИЕВ АЧУУЛАНДЫ?🆘ЗАВОДДУ БАСЫП АЛГАНБЫ ЖООП БЕРДИ👈

ТЕЗ КӨР😱ТАЙМУРАС ТАШИЕВ АЧУУЛАНДЫ?🆘ЗАВОДДУ БАСЫП АЛГАНБЫ ЖООП БЕРДИ👈

АЯТТА ТЕМИР СЫРЫ!

АЯТТА ТЕМИР СЫРЫ!

Аары чакканда

Аары чакканда

Дуа утро أذكار الصباح защитить вас вес день! Утренний дуа каждое утро!

Дуа утро أذكار الصباح защитить вас вес день! Утренний дуа каждое утро!

ЭНЕ ААРЫ ЧЫГАРУУГА КАНТИП ДАЯРДАНАБЫЗ???

ЭНЕ ААРЫ ЧЫГАРУУГА КАНТИП ДАЯРДАНАБЫЗ???

Апитерапия жана Гирудотерапия

Апитерапия жана Гирудотерапия

АЛЛАХУ АКБАР! КУН ФАЯКУН ЧЫНДЫККА АЙЛАНДЫ 😱 БҮГҮН АКЧА ҮЙҮҢҮЗГӨ КЕЛЕТ | РЫСКЫ АЧУУЧУ ДУА ЭҢ КҮЧТҮҮ

АЛЛАХУ АКБАР! КУН ФАЯКУН ЧЫНДЫККА АЙЛАНДЫ 😱 БҮГҮН АКЧА ҮЙҮҢҮЗГӨ КЕЛЕТ | РЫСКЫ АЧУУЧУ ДУА ЭҢ КҮЧТҮҮ

Кызыктуу фактылар! | ААРЫЛАРсыз адамзат 4 гана жыл жашайт | ААРЫлар тууралуу кызыктуу маалыматтар

Кызыктуу фактылар! | ААРЫЛАРсыз адамзат 4 гана жыл жашайт | ААРЫлар тууралуу кызыктуу маалыматтар

Жапаровдун акыркы мүмкүнчүлүгү

Жапаровдун акыркы мүмкүнчүлүгү

АЖЫЛЫКТАГЫ ЖЫЛАН ОКУЯСЫ / УМРАГА БАРУУЧУЛАР ҮЧҮН ТЕЛ: 0773 691 877

АЖЫЛЫКТАГЫ ЖЫЛАН ОКУЯСЫ / УМРАГА БАРУУЧУЛАР ҮЧҮН ТЕЛ: 0773 691 877

ЧЫНДЫК АЧЫККА ЧЫКТЫ! ПУТИН ТАШИЕВДИ КЕТИРДИБИ?

ЧЫНДЫК АЧЫККА ЧЫКТЫ! ПУТИН ТАШИЕВДИ КЕТИРДИБИ?

Где Родились 25 пророков Корана? Ответ шокирует даже шейхов!

Где Родились 25 пророков Корана? Ответ шокирует даже шейхов!

Жер астындагы суулар кантип пайда болот?

Жер астындагы суулар кантип пайда болот?

Арест военных в Украине / Обращение Киева к Москве

Арест военных в Украине / Обращение Киева к Москве

Эне аарыны канткенде 100% алат!

Эне аарыны канткенде 100% алат!

© 2025 ycliper. Все права защищены.



  • Контакты
  • О нас
  • Политика конфиденциальности



Контакты для правообладателей: [email protected]