ycliper

Популярное

Музыка Кино и Анимация Автомобили Животные Спорт Путешествия Игры Юмор

Интересные видео

2025 Сериалы Трейлеры Новости Как сделать Видеоуроки Diy своими руками

Топ запросов

смотреть а4 schoolboy runaway турецкий сериал смотреть мультфильмы эдисон
Скачать

АЯТТА ТЕМИР СЫРЫ!

Автор: БЕЙИШ НУРУ

Загружено: 2019-05-25

Просмотров: 82886

Описание: Темир. Ыйык Куранда аты аталган элементтерден. Атүгүл “Хадид” б.а. “Темир” деген аталыштагы сүрө бар Куранда. Ушул Темир сүрөсүндөгү бир кереметтүү аят көпчүлүк илимпоздордун көңүлүн бурат. Ал жерде мындай дейт:
“Ошондой эле биз темирди түшүрдүк. Анда адамдар үчүн мыкты күч жана пайда бар.”
Аятта “Түшүрдүк”-деген мааниге келген “Анзалнаа”-сөзү колдонулууда. А бирок темир жер астынан чыгып жатпайбы? Эмне үчүн Куранда темирди жер астынан чыгардык деген жок. Эмне үчүн Куранда “темирди түшүрдүк” деп жатат. Келиңиздер бул аяттагы “түшүрдүк”-сөзүн тереңирээк изилдеп көрөлү.
Темирдин пайда болуусу үчүн өтө жогорку температурадагы жылуулук керек. Андай температура жерде да, күндө да жок. Күндүн 6000 градустук сырткы жылуулугу, 15 млн градустук ядролук ысыктыгы да темирдин пайда болуусу үчүн жетишсиз. Темир күндөн да ысык болгон бир нече 100 миллиондук температурада гана пайда болот. Мындай температурадагы ысыктыка ээ болгон күндөн да чоң болгон жылдыздар бар. Бул жылдыздарга нова же супернова деген ат берилип келет. Бул жылдыздардагы темирдин өлчөмү белгилүү бир чекти ашкандан кийин жылдыз темирди кармай албай жарылып кетет. Натыйжада темир космоско чачырайт. Бир эле жер шарындагы эмес бүткүл күн системасындагы теимирлер сырткы чоң жылдыздардан келген. Демек темир аятта аткандай чоң жылдыздардын жарылуусунан улам жерге түшүрүлгөн. 20-21-кылымдын астрономиясы араң изилдеп ачкан бир ачылыштын 14 кылым мурун, илим-техника өнүгө элек бир доордо Куранда жазылып калуусу сизди таң калтырдыбы?
Аяттын дагы бир көңүл бурчу жери темир адамдар үчүн пайдалуу жана анда күч бар деген жери. Бул аят түшкөн 7-кылымда темирден бир гана курал жарак жасалчу. Темирдин башка бир пайдалары тууралуу адамдар билбейт эле. Эмне үчүн Куран “Темирде силер үчүн пайдалар бар”-деп жатат ойлонуп көрүңүзчү. Илим-техникада темирдин колдонулуусу тууралуу айтып жатабы Куран? Ооба ал да бар бирок бул эле эмес. Келиңиздер темирдин биз үчүн дагы кандай пайдалары бар экенин дагы да тереңирээк карап көрөлү.
Эгер ааламда темир болбосо көмүртеке байланыштуу бир жашоо болбой калмак. Т.а. супернова жылдыздары пайда болмок эмес, алгачкы доорлордогу глобалдык ысуу ишке ашмак эмес, атмосфера, гидросфералар болмок эмес, коргоочу магниттик талаа да болмок эмес, жерди ар кандай зыяндуу энергиялардан коргогон Ван Аллен деп аталган радиацилык талаа болмок эмес, озон катмары болмок эмес, кандагы гемоглобинди пайда кылчу метал болмок эмес, кычкылтектин реакциялык өзгөчөлүгүн азайта турган метал болмок эмес, тирүү организмдердеги зат алмашуу процесси ишке ашмак эмес. Мынакей! Оо менин бир тууганым! Эгер темир атому болбосо мына ушул жогорудагы процесстер ишке ашмак эмес. Бул процесстердин кээ бирлерин биринчи жолу уктуңуз туурабы? Атүгүл кээ бирлерин түшүнбөй да калдыңыз чыгар. Бул жогоруда аталган процесстер биздин жашообуз үчүн өтө маанилүү болгон, ар бири өз-өзүнчө терең илимий изилдөөгө таянган бир процесстер. Куранда темирде силер үчүн пайда бар деген кезде мына ушул пайдалар айтылган экен. Чынында таң калыштуу туурабы? Дегеле бизди курчап турган бул ааламдын, жаратыктардын баары таң калыштуу. Ушунчалык таң калыштуу эгер ошол жаратыктардын чыныгы ээсин таппасаң акыл жинди болуп кете жаздайт. Бирок сиз шашпаңыз. Али бүтө элек. Хадид б.а. Темир сүрөсүнүн дагы бир кереметин айтып берели. Хадид сүрөсүнүн Куран грамматикасындагы чыныгы аталышы Ал Хадид. Бул Ал Хадид сөзүнүн арапчадагы сандык өлчөмү т.а. абжад илими боюнча эсептегенибиздеги саны 57. Таң калыштуусу Хадид сүрөсүнүн Курандагы катары да 57. Эгер Ал Хадид эмес, жөн гана Хадид деп накра шекилинде ала турган болсок анда арапчадагы сандык өлчөмү т.а. абжад илими боюнча эсеби 26. Таң калыштуусу темир атомунун саны да 26. Мынакей эми чындап акыл таң калды. Бул акыйкаттардын баары Куран Аллахтын сөзү экендигин тастыктоодо. А.э. Куранды элге жеткизүүчү зат Мухаммад САВ болсо Аллахтын кулу жана элчиси болгондугун далилдөөдө. Муну уккан соң “Аллаху акбар”-деп моюн сунбоого арга калбайт.

Не удается загрузить Youtube-плеер. Проверьте блокировку Youtube в вашей сети.
Повторяем попытку...
АЯТТА ТЕМИР СЫРЫ!

Поделиться в:

Доступные форматы для скачивания:

Скачать видео

  • Информация по загрузке:

Скачать аудио

Похожие видео

Ата-Бейит кайгысы

Ата-Бейит кайгысы

Почему Эти Два Океана Никогда не Смешиваются

Почему Эти Два Океана Никогда не Смешиваются

Аюб ал Ансарий

Аюб ал Ансарий

Тоо арстаны- Жаныбек казы

Тоо арстаны- Жаныбек казы

Алтын кумуш тыйындарды таап алдык.

Алтын кумуш тыйындарды таап алдык.

США начали вторжение? / Военные вступили в бой

США начали вторжение? / Военные вступили в бой

Темир тор артындагы зомбулук

Темир тор артындагы зомбулук

Курандагы

Курандагы "Корголгон чатыр"-деген эмне?

Пророка побивали камнями на протяжении 2 миль (Таиф) — Визуализировано ИИ — О Посланник | Ср. 4

Пророка побивали камнями на протяжении 2 миль (Таиф) — Визуализировано ИИ — О Посланник | Ср. 4

ЫЙЫК КУРАН маанилеринин кыргызча котормосу: 56. ВАКИЙА сүрөсү

ЫЙЫК КУРАН маанилеринин кыргызча котормосу: 56. ВАКИЙА сүрөсү

Опрос! Хотят ли россияне мира? Когда закончится всё? Они неизлечимы! | Палата №200

Опрос! Хотят ли россияне мира? Когда закончится всё? Они неизлечимы! | Палата №200

Шияларды өчүргөн видео!

Шияларды өчүргөн видео!

ИХЛАС СҮРӨСҮНҮН ПАЙДАЛАРЫ. (зарыл сабак). Шейх Чубак ажы

ИХЛАС СҮРӨСҮНҮН ПАЙДАЛАРЫ. (зарыл сабак). Шейх Чубак ажы

Эч ким биле албаган беш кайып!

Эч ким биле албаган беш кайып!

Үммөттүн эң ишеничтүүсү Абу Убайда бин Жарах

Үммөттүн эң ишеничтүүсү Абу Убайда бин Жарах

Жираф Аллахты таанытабы?

Жираф Аллахты таанытабы?

🤯Соловьёв ПРИЗНАЛ ПРОВАЛ

🤯Соловьёв ПРИЗНАЛ ПРОВАЛ "СВО" прямо в эфире! У Захаровой ПРИПАДОК. Небензя ВЫДАЛ НЕМЫСЛИМОЕ в ООН

Тайна Кольской: это НЕ голоса ада! Правда куда страшнее...

Тайна Кольской: это НЕ голоса ада! Правда куда страшнее...

Имам Газали ким болгон?

Имам Газали ким болгон?

БИБЛЕЙСКОЕ ПРОИСХОЖДЕНИЕ НЕНАВИСТИ МЕЖДУ ИЗРАИЛЕМ И ИРАНОМ — ВСЁ НАЧАЛОСЬ С АВРААМА

БИБЛЕЙСКОЕ ПРОИСХОЖДЕНИЕ НЕНАВИСТИ МЕЖДУ ИЗРАИЛЕМ И ИРАНОМ — ВСЁ НАЧАЛОСЬ С АВРААМА

© 2025 ycliper. Все права защищены.



  • Контакты
  • О нас
  • Политика конфиденциальности



Контакты для правообладателей: [email protected]