Алайда 40 казан сүмөлөк
Автор: Чыныбек Козукеев
Загружено: 2025-03-20
Просмотров: 7698
Описание:
Алайда 40 казан сүмөлөк! Ынтымак, ырыс, береке!
Бүгүн, 20-март 2025-жыл, Алай районунун борбордук стадионунда өзгөчө шаң! "40 казан сүмөлөк кайнатуу" аземи улуттук каада-салттын, ынтымактын жана молчулуктун символу катары өтүп жатат.
Алайдын ар бир айыл аймагы, мекеме-ишканалары жакшы тилек, жарым ырыс менен сүмөлөк кайнатууда. Спорт майданына тараган сүмөлөктүн жыты – көктөмдүн, берекенин жышааны!
"Алай ынтымагы" коомдук бирикмесинин түштүк аймагынын төрайымы Дилбар Камилова жана анын командасы – Нурия эже, Клара эже, Кайрат ака, Замир акалар казандарды кыдырып, ар бирине аруу тилектерин айтып, сүмөлөк аралаштырып, ардактуу айымдарга жоолук салып, кубаныч тартуулашты.
Бул саамалык жалпы элдин биримдигин, улуттук баалуулуктарыбызды даңазалоо менен катар молчулук, жакшылыктын жарчысы болууда.
Сүмөлөк – ынтымак, сүмөлөк – ырыс!
Повторяем попытку...
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео
-
Информация по загрузке: