ИИМдин Республикалык окуу борборунда спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча биринчилик өткөрүлдү
Автор: МВД КР
Загружено: 2026-03-13
Просмотров: 128
Описание:
2026-жылдын 12-13-март күндөрү Ички иштер министрлигинин Республикалык окуу борборунун спорттук залында ИИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин арасында спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча биринчилик өткөрүлдү.
Мелдештин негизги максаты – кызматкерлердин дене тарбиясын чыңдоо, сергек жашоо образын жайылтуу, ошондой эле кызматкерлердин ортосундагы ынтымакты жана биримдикти бекемдөө болуп саналат.
Мелдешке ИИМдин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн түзүлгөн жалпы 8 команда катышып, спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча күч сынашты.
Жыйынтыгында командалык эсеп боюнча:
1-орунду Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы ээледи;
2-орунду ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгы багындырды;
3-орунду ИИМдин Ыкчам чара көрүү атайын отряды алды.
Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундарды ээлеген командалар медалдар, кубоктор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
ИИМдин Басма сөз кызматы
Повторяем попытку...
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео
-
Информация по загрузке: