ИИМде Айымдардын эл аралык күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү
Автор: МВД КР
Загружено: 2026-03-06
Просмотров: 142
Описание:
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратында Айымдардын эл аралык күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Куттуктоо сөзү менен Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов чыгып сүйлөдү. Ал ички иштер органдарынын айым кызматкерлерине кесипкөйлүгү, кызматка берилгендиги жана коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоого кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Октябрь Урмамбетов өз сөзүндө милиция кызматындагы айымдардын маанилүү ролун белгилеп, алардын жоопкерчилиги, принциптүүлүгү жана кесиптик даярдыгынын жогорку деңгээли кызматтык милдеттерди натыйжалуу аткарууга өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.
Иш-чаранын алкагында айым кызматкерлер үчүн майрамдык концерт уюштурулуп, анда музыкалык номерлер аткарылып, жылуу куттуктоолор айтылды. Концерттик программага ИИМдин Ички аскерлеринин Аскердик оркестр-ансамблинин солисттери Бегимай Турусбекова, Фарида Карбосова, Суран Садыбакасов, Рыскелди Анаркул уулу, Азизбек Мурсалиев, ырчы Бек Исраилов, Nomad тобу, ошондой эле бийчилер жана башка артисттер катышты.
Салтанаттуу жолугушуу жылуу жана майрамдык маанайда өттү.
ИИМдин Басма сөз кызматы
Повторяем попытку...
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео
-
Информация по загрузке: