ycliper

Популярное

Музыка Кино и Анимация Автомобили Животные Спорт Путешествия Игры Юмор

Интересные видео

2025 Сериалы Трейлеры Новости Как сделать Видеоуроки Diy своими руками

Топ запросов

смотреть а4 schoolboy runaway турецкий сериал смотреть мультфильмы эдисон
Скачать

Арстанбек Буйлаш уулу Манасчылар жөнүндө айтканы Асылбек Маратов.

Автор: Асылбек Маратов

Загружено: 2024-09-09

Просмотров: 7363

Описание: Арстанбек Буйлаш уулу залкар замандаштарын эскерип,тулпар Манасчы Келдибек Карыбоз уулун мындай деп ырдайт.
Келдибек Манас айтканда
Шамал уруп, бук болуп,
Боз үйлөргө жүк болуп,
Чагылган учуп чартылдап,
Кереге уук карчылдап,
Үзүктөрү желпилдеп,
Түндүк жабуу салпылдап,
Эшиктери шалкылдап,
Ат дүбүртү угулуп,
Айыл калбай чогулуп,
Журт атасы Манастын,
Алмамбет,Сыргак,Чубактын
Арбагы көзгө урунуп,
Кырк чоро кырдан суурулуп,
Кемпирлер турчу балпылдап,
Келиндер коркчу калчылдап.
Желеде кулун чыңырбай,
Кымызга көңүл бурулбай,
Азынабай айгыры,
Аздектеп турчу бардыгы.
Төөлөр чөгүп жоодурап,
Карылары кобурап,
Койлор жуушап кепшебей,
Коңулда иттер эт жебей,
Барбардигер кудурет
Паана болуп өзүнө,
Кара тору түспөлү
Кыпкызыл болуп чыңалып,
Арча отундай чок болчу,
Ашырып айтар Манасты
Ак уул Куу уул кыргызда
Андай адам жок болчу.
Түндүк боо түйүлүп,
Кереге бою керилип,
Коргошундай былкылдап,
Үр кызындай жылтылдап,
Он эки мүчө шалкылдап,
Бүт денеси балкылдап,
Он манжасы калтылдап,
Тар дүйнөнү унутуп,
Кең бейиште жүргөндөй,
Сыйкырдуу дүйнө аралап,
Керемет болуп кеткенин
Көргөн жайым бар эле,
Көрбөгөн адам зар эле.
деп тулпар Манасчы Келдибекти эскерсе, Айкөл Манасты ашыра айткан, улуу манасчы Акылбекти мындай деп эскерет.
Чоң Манасчы Акылбек
Чогоол сөздү сүйбөгөн,
Чоюлган сындуу жан эле,
Чоң казатты айтканда
Чок түшкөндөй чартылдап,
Ээ-жаа бербей жети күн
Элирчү жайы бар эле.
Андан кийин жети күн
Бутун тартпай уктачу
Аралап айыл чыкпачу.
Чындыгында Акылбек
Эл оозунда жүргөндөй,
Жаркырап күйгөн шам эле.
Калп айтып ыйман жебейин,
Манасчынын нары эле,
Мактагандай бар эле,
Балды тарткан аарыдай,
Бар адамды караткан,
Баамы артык жан эле.
Канаты сынып кайрылып,
Чоролордон айрылып,
Кабыргадан кан чыгып,
Кабылан Манас айкөлдүн
Канкакшап түшүп ордого
Кайгырган жерин айтканда
Кабыргасы сөгүлүп,
Кара нөшөр жамгырдай,
Көзүнөн жашы төгүлүп,
Манас айтып жатканын
Унутканын көргөмүн,
Умсунуп көңүл бөлгөмүн.
Тыңшап турган калайык
Көрүп турган эмедей
Көзүнөн жашы тамчылап,
Кошулуп кошо ыйлаган,
Журт атасы айкөлдүн
Арбагын чындап сыйлаган,
Кабылан кайран баатырды
Кара жерге кыйбаган.
деп улуу манасчы Акылбекти эскерсе, Семетейчи Назар Болот уулун мындай эскерген экен.
Семетейти Назардын
Кабылан айкөл Манастын
Кан жесири Каныкей
Букарды көздөй качканын,
Төлгө кылып долунун
Тайторуну чапканын
Кара нөшөр жамгырдай
Төгүп ырдап турганда
Каныкейдин арманын
Калк дилине жеткирип
Чөгүп ыйлап турганда
Ат дүбүртү угулчу,
Айыл калбай чогулчу,
Жетик жесир зарына
Калк көңүлү бурулчу,
Салаалап жашы куюлчу.
Аргымак минип жол жүрсөң,
Ат арытып жол жүрсөң,
Ашуу ашуу кезең бар,
Ашкере көркөм өзөн бар,
Ак калпактуу Кыргызда
Албан түрлүү чечен бар
Арбагы зор Манасты
Ашырып айтчу нечен бар...

Не удается загрузить Youtube-плеер. Проверьте блокировку Youtube в вашей сети.
Повторяем попытку...
Арстанбек Буйлаш уулу Манасчылар жөнүндө айтканы Асылбек Маратов.

Поделиться в:

Доступные форматы для скачивания:

Скачать видео

  • Информация по загрузке:

Скачать аудио

Похожие видео

Арстанбек Буйлаш уулу

Арстанбек Буйлаш уулу "АРСТАНБЕКТИН ТЕРМЕСИ" Асылбек Маратов.

Жеңижоктун  Арстанбек акынга жолукканы. АРСТАНБЕК&ЖЕҢИЖОК.Арстанбек Буйлаш уулу Асылбек Маратов.

Жеңижоктун Арстанбек акынга жолукканы. АРСТАНБЕК&ЖЕҢИЖОК.Арстанбек Буйлаш уулу Асылбек Маратов.

Жеңижок менен Барпынын айтышы.Диний айтыш.Асылбек Маратов.

Жеңижок менен Барпынын айтышы.Диний айтыш.Асылбек Маратов.

"Пашшайы көйлегиң".(Байрам Матчанов).

Арстанбек менен Каңтарбайдын айтышы.Арстанбек Буйлаш уулуна 200 жыл.

Арстанбек менен Каңтарбайдын айтышы.Арстанбек Буйлаш уулуна 200 жыл.

АКЫНДАРДАН ТЕРМЕ/ Асылбек Маратов &Темирбек Матыбаев

АКЫНДАРДАН ТЕРМЕ/ Асылбек Маратов &Темирбек Матыбаев

АРСТАНБЕКТИН КЕРЭЭЗИ. Арстанбек Буйлаш уулуна 200 жыл.Асылбек Маратов.

АРСТАНБЕКТИН КЕРЭЭЗИ. Арстанбек Буйлаш уулуна 200 жыл.Асылбек Маратов.

Залкарлар айтышы 1936-жылкы айтыш...

Залкарлар айтышы 1936-жылкы айтыш...

"Токтогул менен Жеңижок" Асылбек Маратов.

ЧУКУЛ! ЖАПАПОВ КЫЛГАН ИШИНЕ КАТУУ ӨКҮНДҮ! ГЕНЕРАЛДЫ КАТУУ ОЙГО САЛДЫ

ЧУКУЛ! ЖАПАПОВ КЫЛГАН ИШИНЕ КАТУУ ӨКҮНДҮ! ГЕНЕРАЛДЫ КАТУУ ОЙГО САЛДЫ

Арстанбек Буйлаш уулу

Арстанбек Буйлаш уулу "Орус жөнүндө ырдаганы" Арстанбек Буйлаш уулуна 200жыл. Асылбек Маратов.

Жеңижок

Жеңижок "Балалык" (Көкө уулу Өтө)Асылбек Маратов

Жеңижок менен Барпынын айтышы. ЖЕҢИЖОК&БАРПЫ.Залкарлар жолугушуусу...

Жеңижок менен Барпынын айтышы. ЖЕҢИЖОК&БАРПЫ.Залкарлар жолугушуусу...

ТАШИЕВ ӨЗҮ ПРЕЗИДЕНТ БОЛОМ ДЕП ӨТӨ КАТУУ АДАШТЫ😱АЧУУ ЧЫНДЫКТЫ СҮЙЛӨДҮ 👈

ТАШИЕВ ӨЗҮ ПРЕЗИДЕНТ БОЛОМ ДЕП ӨТӨ КАТУУ АДАШТЫ😱АЧУУ ЧЫНДЫКТЫ СҮЙЛӨДҮ 👈

Ирандагы согуш: Дүйнөдөгү өлкөлөр кандай позицияда? | АПТА АЗАТТЫКТА |

Ирандагы согуш: Дүйнөдөгү өлкөлөр кандай позицияда? | АПТА АЗАТТЫКТА |

29 января 2026 г.

29 января 2026 г.

Мандатка мас болгон Эрулан! Эл мандатын тапшырууну талап кылууда. Жапаров өз жарандарын алып чыкты!

Мандатка мас болгон Эрулан! Эл мандатын тапшырууну талап кылууда. Жапаров өз жарандарын алып чыкты!

Жеңижок менен Нурмолдонун айтышы.Асылбек Маратов.

Жеңижок менен Нурмолдонун айтышы.Асылбек Маратов.

ТОГОЛОК МОЛДО

ТОГОЛОК МОЛДО "МАНАС ЖАНА МАНАСЧЫЛАР ЖӨНҮНДӨ" (Байымбет Абдырахман уулу) Асылбек Маратов.

‼️ Иран бомбит Дубай и базы США. Россия помогает Ирану. ВСУ едут на Ближний восток / Выпуск новостей

‼️ Иран бомбит Дубай и базы США. Россия помогает Ирану. ВСУ едут на Ближний восток / Выпуск новостей

© 2025 ycliper. Все права защищены.



  • Контакты
  • О нас
  • Политика конфиденциальности



Контакты для правообладателей: [email protected]