СУЗАК РАЙОНУНДА МУРДАГЫ АЙЫЛ ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ КАРМАЛДЫ
Автор: 7-канал Кыргызстан
Загружено: 2023-03-29
Просмотров: 63733
Описание:
Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталып, Кызыл-Туу айыл өкмөттүн мурдагы башчысы кармалды.
Аталган айыл аймагындагы жооптуу кызматкерлери “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак райондук филиалынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алышып, белгилүү бир акчалай сыйлык үчүн Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жасалма токтомдорун пайдалануу менен жеке турак жай куруу үчүн 6 гектардан ашык жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп, жер тилкелерине жеке менчик укугу боюнча мамлекеттик актыларды жасап беришкен.
Мурдагы айыл өкмөт башчысы К.М.Ы.нын үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, кылмыш ишине тиешеси бар көп сандагы токтомдор, корутундулар, топографиялык жана башка жасалма документтер табылып алынды, ошондой эле аталган даректе ок атуучу куралдар, травматикалык куралдар жана ок-дарылар мыйзамсыз сакталганы аныкталды.
7-каналдын Официалдуу👈 баракчасы // Катталгыла / Пикир калтырып, Лайк 👍 👎 баскыла!
7-канал Официальный 👈 канал / Кыргызстан //подписывайтесь на канал и ставьте лайки 👍 👎
Повторяем попытку...
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео
-
Информация по загрузке: