Шайлоонун шайтан оюндары кайрадан башталды. Кимди Жогорку Кеңештен көргүңүз келет?
Автор: Azamat LIVE KG
Загружено: 2025-09-20
Просмотров: 4822
Описание:
Кыргыздарда айта берет, айтканынан кайта берет деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Мына ушул накыл кеп биздин Жогорку Кеңештин депутаттарына, төрагасына куп жарашып тургандай. Анткени жазында эле парламент тарабайт деп жаткан Төрага Нурланбек Тургунбек уулу 17-сентябрда Жогорку Кеңешти өзүн-өзү таркатуу боюнча 32 депутаттын колу коюлган сунуш ага түшкөнүн жана андагы жүйөлөр негиздүү экенин билдирип чыкты. Анда негизги жүйө катары президенттик жана депутаттык шайлоолор катарлаш өтүп жатканы көрсөтүлгөн. Мындан улам спикер демилгени колдой турганын айтып, эки шайлоонун удаа өтүшү саясий жана экномикалык жактан өлкөгө кыйынчылык жаратарын кошумчалады. Бирок бир катар депутаттар төрага буга чейин “парламент мөөнөтүнүн аягына чейин иштейт” деп так кесе айтып келгенин эске салышты. Ага чейин социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуусун жактаган 32 депутаттын аты-жөнү жазылып, колу коюлган документ жарыяланган болчу. Деген менен депутат Исхак Масалиев бул сунуш Ак үйдөн келгенин ишаарат кылып, келерки аптада Жогорку кеңеш тарай турганын моюндап отурат. Дегеле бул чакырылыш мөөнөтүнөн мурда кеткен соң, кийинки парламентке кандай эл өкүлдөрү келе алат? Аларга кандай талаптар коюлууда?
Акыркы жаңылыктар, кызыктуу видеолор
Телеграм каналыбызда
Катталыңыз 👇 Бөлүшүңүз
https://t.me/azamatlive
Ушул маалыматты окуп отурган ютуб каналыбызга да катталганды ( подписка) унутпаңыз. 👇
/ @azamatlivekg
#кыргызстан #бишкек #бишкеккабар #акыркыкабарлар #новости #камчыбекташиев #садыржапаров #жогоркукенеш #жогоркукеңеш #azamatabdiev #azamatlive #азаматабдиев #тезкөр #тезкор #чүй #чуй #баткен #ош #жалалабад #талас #нарын #ысыккол #ысыккөл #ысыккуль #жаңылыктар #кабарлар
Повторяем попытку...
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео
-
Информация по загрузке: