Бир Тууган Эжеме Уй Алып Бердим | Азиретали
Автор: АЗИРЕТАЛИ | ДЕМ | МОТИВАЦИЯ
Загружено: 2025-12-04
Просмотров: 50
Описание:
Башка социалдык тармактарыма каттала кетиниз!
Instagram: https://www.instagram.com/dem_azireta...
TikTok: https://www.tiktok.com/@dem_aziretali...
8 жыл мурун биз эжем экөөбүз жатаканада жашайт элек. Келечекте мен – кичүү иниси – эжеме бүтүндөй үй сатып берем деп эч кимибиз ойлогон эмеспиз.
Студент кезимде эжем кош бойлуу болуп жардамга кароого муктаж болуп турса да, тескерисинче мага жардам берип жүрдү: үй жыйнап таза кармап, тамак жасап, кийимдеримди жууп үтүктоп коет эле. Колунда бар нерсенин баарын мага арнаган, эч нерсе талап кылбаган.
Мен Аллахка эжемди бергенине шүгүр айтам. Анын ошол жакшылыктары мага күтүлбөгөн жерден кайтып келди.
Көп жылдар бою алар үй алууга аракет кылып жүрүштү. Төрт баланы багып, чет өлкөдө эмгектенип келишти. Бирок Аллах аларга ошол үйдү насип кыла элек болчу. Балким, дагы бир аз чыдам керек эле… Бирок мен чыдай алган жокмун.
Мен чечим кабыл алдым да ниет кылдым. Анан бул ниетим реалдуулукка айланды.
Бул белек тууралуу эжемден башка баары билген. Үйлөрдү агам экөөбүз издедик, атам экөөбүз барып үйлөрдү көрүп жүрдүк. Ал эми бюджет толугу менен менден болду.
Мен үйдү 74 000 долларга болжол менен 6,5 млн сомго сатып алдым.
3 сотых жер. Бишкектен жана өтө алыс эмес.
Тынч жана асфальтталган көчө, бак отургузса болот, гаражга орун бар, газдуу жылытуу, кең жана даяр үй.
Повторяем попытку...
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео
-
Информация по загрузке: