Ат-Башы ГЭСи оңдолуп, кошумча кубаттуулук менен ишке кирди
Автор: ELTRlive
Загружено: 2023-04-29
Просмотров: 77
Описание:
Нарын облусун электр жарыгы менен камсыздаган Ат-Башы ГЭСи 1964-жылы башталып, 1970-жылы ишке киргизилген. Быйыл, 2023-жылы агреттары толук реконструкцияланып, жаңыланды. ГЭСтин өмүрү, кызмат көрсөтүү мөөнөтү дагы 40 жылга узарып, кошумча 5,7 МВт кошулду. Мурда ГЭСтин кубаттуулугу 40 МВт болсо, ал 45,7 МВт кубаттуулукка жетти.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Акылбек Жапаров жетектеген Кыргыз өкмөтү - энергетика тармагындагы жабдууларды жаңылоо, жаңы ГЭСтерди куруу, реконструкция кылуу иштерин ылдамдык менен алып барып жатат.
Кубаттуулугу 1860 МВт “Камбар-Ата 1” ГЭСинин курулушу башталды. Жалпы 50гө жакын ири жана чакан ГЭСтер, күн жана шамал ресурсунан электр энергиясын алган станциялар курулууда.
Мурда иштеп жаткан ГЭСтер реконструкция болуп, “Токтогул” ГЭСине 240 МВт, “Үч-Коргон” ГЭСине 36 МВт, “Лебединовка” ГЭСине 9,2 МВт кошумча кубаттуулуктар кошулууда.
Повторяем попытку...
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео
-
Информация по загрузке: