Айгүл Чалова - Сүйүү арманы [lyric/текст]
Автор: ObonVerse
Загружено: 2025-02-07
Просмотров: 185318
Описание:
🎤 Lyrics: Айгүл Чалова - Сүйүү арманы
..........
Алдырба, алдырба, ай,
өзүңдү кусалыкка.
Эстей жүр, бирок мени,
сүйгөн деп бир убакта.
-
Өзүңсүз өткүм келбей,
жалгыздык жанга жетпей.
Жашоодо бир келген, ай,
сүйүүмө калдым жетпей.
Аттиң, ай, арман кылам.
Кайырма:
Кайда, сөздөрүң сүйөм деген?
Сагындым, сагындым, ай.
Сүйүүдөн зар какшап, ай,
аттиң, ай, арман кылам.
Сүйүүмө жетпей калган,
жүрөгүм кусаланып.
Ыйлайт, ыйлайт,
сыздатып жан дүйнөмдү.
Кыйнайт, кыйнайт,
тагдырдын буйругу, ай.
-
Курчаган жалгыздык, ай,
камалып туңгуюкка.
Кусамын мен ар дайым,
ар качан кучагыңа.
Чачырап сүйүү нуру,
каптаган бир убакта.
Шамалдар сүйүү нурун,
учуруп кайсы жакка,
учуруп кайсы жакка.
Кайырма:
Кайда, сөздөрүң сүйөм деген?
Сагындым, сагындым, ай.
Сүйүүдөн зар какшап, ай,
аттиң, ай, арман кылам.
Сүйүүмө жетпей калган,
жүрөгүм кусаланып.
Ыйлайт, ыйлайт,
сыздатып жан дүйнөмдү.
Кыйнайт, кыйнайт,
тагдырдын буйругу, ай.
Auto-generated by YouTube.
#АйгүлЧалова #АйгулЧалова #СүйүүАрманы #суйууарманы #суйуу #арманы #кыргызча #ыр #ырлар #кыргызырлары #music #kyrgyzstan #кыргызчаырлар #хит #музыка #obonverse
Повторяем попытку...
![Айгүл Чалова - Сүйүү арманы [lyric/текст]](https://ricktube.ru/thumbnail/_NoFOMsgXjM/hq720.jpg)
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео
-
Информация по загрузке: