Жапаров Тажикстанга барды
Автор: Govori TV
Загружено: 2025-10-09
Просмотров: 570268
Описание:
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда, Президент Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча Тажикстан Республикасына иш сапары менен келди. Мамлекет башчысынын учагы Душанбе шаарынын эл аралык аэропортуна конду.
Аэропортто КМШга мүчө-өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилген.
Президент Садыр Жапаровду Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Мамлекет башчысы сапарынын жүрүшүндө «Борбор Азия – Россия» экинчи саммитине жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ МБК) мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.
Ошондой эле КМШ мейкиндигинде жана «Борбор Азия – Россия» форматында практикалык өз ара аракеттенүүгө кошумча түрткү берүүгө багытталган бир катар биргелешкен документтерди кароо жана кабыл алуу күтүлүүдө.
#Кыргызстан#GovoriTV#Жаңылыктар#Новости
Повторяем попытку...
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео
-
Информация по загрузке: