ycliper

Популярное

Музыка Кино и Анимация Автомобили Животные Спорт Путешествия Игры Юмор

Интересные видео

2025 Сериалы Трейлеры Новости Как сделать Видеоуроки Diy своими руками

Топ запросов

смотреть а4 schoolboy runaway турецкий сериал смотреть мультфильмы эдисон
Скачать

Күйөөм көгала кылып сабады/ Арыз жазсам кайра коркутуп жатышат

Жолдошум

күйөөм

сабады

көгала кылып

зомбулук

үй-бүлө

кордук

арыз

милиция

келин

Автор: Эламан Карымшаков

Загружено: 2025-02-21

Просмотров: 122013

Описание: 29 жаштагы Айзада Болотбекова жолдошу көгала кылып сабаганын айтып чыкты. Учурда ал мээси чайкалган, денелери урулган деп Чүй облустук ооруканасында жатат. Окуя 14-февралга караган түнү болгон. Анда күйөөсү мас абалында “менин үй-бүлөм тууралуу жаман сөз айттың” деп чыр чыгарганын билдирди.

Ошондой эле Айзада жаңжалга кайнежелери дагы аралашып, ар тараптан басым кылып жатканын айтууда.

“Бул биринчиси эле эмес, жолдошум буга чейин дагы кол көтөргөндө милицияга кайрылган эмесмин. 14 жашымда атам каза болуп калган. Ушундай учурда анын жоктугу аябай билинип жатат. Эгер атам болгондо күйөөм мага мындай мамиле кылмак эмес беле. Жолдошум болсо “мен сабаган эмесмин, өзүң мас болуп кулагасың, бар далилдеп бер” деп койду. Көгала кылып сабады деп кайнене, кайнежелериме көрсөтсөм “өзүң эле жыгылган турбайсыңбы” дешти. Ошондо да баласын актап туруп алышканда ызама чыдабай кеттим”, — деди Болотбекова.

Жабырлануучу келиндин арызы Бишкектин Свердовлов райондук жана Чүйдүн Ысык-Ата райондук милиция бөлүмдөрүндө каралып жатканын билдирди. Анын артынан эле жолдошу дагы “мени сабап коюшту” деп келинчегинин жана анын эжесинин үстүнөн арыз жазганын айтты. Жаңжал учурунда Айзаданын эжесинин манжалары сынып, учурда дарыланып жатканын айтты. Милиция азырынча эч кимге, эч кандай чара көрө элек.


Жубайлар 7 жыл мурун баш кошуп, үч балалуу болушкан. Күйөөсү буга чейин да кол көтөрүп келгенин белгиледи. Алар соңку убакта кийим тигүүчү фабрика ачып иштетип жатышкан. Айзада жолдошу бул фабрикадан да кууп чыгып атканын айтып ызаланууда.

Не удается загрузить Youtube-плеер. Проверьте блокировку Youtube в вашей сети.
Повторяем попытку...
Күйөөм көгала кылып сабады/ Арыз жазсам кайра коркутуп жатышат

Поделиться в:

Доступные форматы для скачивания:

Скачать видео

  • Информация по загрузке:

Скачать аудио

Похожие видео

© 2025 ycliper. Все права защищены.



  • Контакты
  • О нас
  • Политика конфиденциальности



Контакты для правообладателей: [email protected]