Россияда чоң бизнестерди ачкан Каныбек Акаев Бишкекте кандай үйлөрдү курат? Маек
Автор: Эламан Карымшаков
Загружено: 2026-01-02
Просмотров: 4187
Описание:
Каныбек Акаев өлкөдөгү салмактуу ишкерлердин бири. 2000-жылдары мигрант катары Россияга барып, кийин чоң бизнесмен болуп чыккан. Алгач Beeline, МТС, Tele2 сыяктуу уюлдук операторлору менен иштешип 42 шаарда 900 адамды иш менен камсыздаган. Мындан айына миллиондогон киреше түшүп турганын айтты. Андан соң курулуш жана башка тармактарга аралашып, учурда 9 багыт боюнча ишкерлик кылууда.
Акаев 22 жылдан кийин мекенине кайтып келип Nobel курулуш компаниясын негиздеген. Муну менен ал сапаттуу, кооз үйлөр чынында кандай болушу керектигин көрсөтүүгө бел байлаган. Бүгүнкү күндө Бишкекте эки жерде турак жай салып жатат.
Бул маектен Кара-Сууда көчө чаңытып жүргөн чыт курсак бала кантип кризистен чыгып, ийгиликке жеткенин биле аласыз. Ошондой эле алдамчы курулуш компаниялар кайдан чыгары, мамлекеттик органдардын аракети, ОПГнын таасири жана үй-бүлөнүн баалуулугу тууралуу баарлаштык.
Аны менен катар эмне үчүн Nobel компаниясына ишенсе болот, анын үйлөрүнүн өзгөчөлүгү эмнеде деген суроого да жооп таба аласыз.
Повторяем попытку...
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео
-
Информация по загрузке: