Уча албай калган аэропорт - 1
Автор: KALEM
Загружено: 2026-03-05
Просмотров: 1057
Описание:
АВТОРДУН ОЙ ТОЛГООСУ: "Эмне үчүн “Уча албай калган аэропорт”?
Бул чыгарманы жазып жатып көп сөз уктум.
“Аэропорт уча албайт да” дешти.
“Уча албай калган самолет болуш керек” дешти.Мен түшүндүрүп чыгарма бүтө элек,мааниси такыр башка,окубай коюң жакпай жатса десем да кычып жазгандары болду кайра.
Бирок мен самолет жөнүндө жазган жокмун.
Мен — адамдар жөнүндө жаздым.
Азыркы заманда бир сөз көбөйдү:
“Ал жер аэропорт”.
Айрыкча кичүү уулга тийүүдөн корккон кыздар айтат экен.
“Кайнене менен жашабайм.”
“Айылда калбайм.”
“Ал үй аэропорт — келип-кеткендер түгөнбөйт.”
Аэропорт деп качышат.
Бирок суроо бар:
Чындап эле айыл,кичүү балага калчу ата жайы аэропортпу?"
Повторяем попытку...
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео
-
Информация по загрузке: