Зарлык Камбаралиев & Айганыш Абдиева - Миңден бирим (Official Audio)
Загружено: 2025-10-24
Просмотров: 18285
Описание:
Зарлык Камбаралиев & Айганыш Абдиева -
"Миңден бирим"
сөзү : З.Камбаралиев,А.Абдиева
Деген сайын "Ай чырагым"
Жүзүм күйүп албырамын
Сезимиңден тата коюп
Махабатка магдырадым
Миңден бирим,дилдирегим
Ширинимсиң ай,чүрөгүм
Күлө койсоң мыйыгыңдан
Кайра сүйүп үлгүрөмүн
Жүрөгүм согот-согот сен үчүн
Жамалың жагат-жагат жаныма
Арбалып барат-барат көңүлүм
Сага,сага,сага,сага дайыма
Жүрөгүм сүйдү жүрөгүңдү
Жылытып турган илебиңди
Жүрөйүн балкып кучагыңда
Жандап бир өзүңдү
Арзыганым дилдегимсиң
Жаным менен бирдейимсиң
Жүрөктөгү сырларымды
Көздөрүмдөн билгенимсиң
Көзү балбыл жанганымсың
Убайымга салганымсың
Чырайыңа сугум артып
Ашык болуп калганымсың
#айганышабдиева #зарлыккамбаралиев #music #duet
Повторяем попытку...
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео
-
Информация по загрузке: