акча табуунун жолдору / бай адамдын сырлары
Автор: erfox
Загружено: 2020-06-27
Просмотров: 8411
Описание:
Видеосабактагы материалдар Акчаны кантип кобойтуу, сактоо жана озуно тартуу керек атту китептен алынды. Автор Валентин Ковалев.
1-болум. Акча деген эмне?
Акча бул энергиянын материалдык эквиваленти. Акчага тамак-аш сатып алабыз, бул биздин организмге куч кубат берет, акчага биз электр энергиясын же куйуучу май сатып алабыз, акчага биз поездrе же учакка билет сатып алабыз ж.б. Экинчи аспект - акча жана максаттар. Эгерде биздин алдыга койгон максаттарыбыз жок болсо, бизге акчанын кереги жок. Ушул жерден эн маанилүү чечим чыгат: "Акча жөн эле келбейт, акча бизге конкреттүү максаттардын аркасында келет. Көпчүлүк адамдар кантип көп акчалуу болууну каалашат, бирок эмне учун экендигин билишпейт: "акча келсин, анан каякка короторумду ойлоном" дешет. Чечилбеген маселе, эгерде сиз эмнеге (жана канча) акча керектигин билбесеңиз, сизде аны табууга мүмкүнчүлүк жок. Акча жагынан жетишкен адамдар менен акылдашыңыз, 100дун 100 учурунда тең аларга акча келерден мурун алар канча акча керектигин жана эмне үчүн керектигин так билишкен. Бул туурасында биз дагы сөз кылабыз. Акча-бул биздин максаттарыбызды ишке ашыруучу каражат, андыктан баарынан биринчи максаттарыбыз так коюлган болушу керек. Көпчүлүк адамдар биринчи акча болушу керек деп жаңылыш ойлошот. Бул финансы жаатында кезиккен биринчи жаңылуу
Каржылык абалды шарттуу турдо биз 4 баскычка болсок болот:
• каржылык көз карандылык же кедейчилик:
• каржылык көз карандысыздык же өз алдынчалуулук
• каржылык жетишкендик же байлык
• каржылык жактан эркиндик
Биз бардык жерде "каржы" сөзүн кошуп жатабыз, анткени кедейчилик жана байлык материалдык жактан да, руханий жактан да болушу мүмкүн. Ошондо бул терминдер эмнени түшүндүрөт?
Каржылык көз карандылык же кедейчилик - бул чыгашадан киреше аз болгон каржылык абал. Ошол эле учурда адам каржылык жактан башка адамдарга көз каранды, ал дайыма кимден карыз алсам деп издейт, кайра кийин аны кантип берем, кантип чоюп жеткирем деп ойлонот. Копчүлүгүбүз эле дал ушундай каржылык көз карандылыктын жыгымсыз абалына туш болгонбуз жана бул эмне экенин жакшы билебиз.
Каржылык көз карандысыздык же өз алдынчалык - бул биздин кирешебиз менен чыгашабыз бирдей болгон каржылык абал. Адам каржылык жактан эч кимге көз карандысыз, же башкалардан карыз сурабай эле жашоо үчүн кирешесинин деңгээли жетиштүү. Ошол эле учурда эч ким акча көп деп, иштебей эле коюу керек деп айтпайт. Баарынан кызыгы, жогорку каржылык чек деген нерсе жок, а тескерисинче, төмөнкү каржылык чек бар. Качан гана сиз бир айлык нормалдуу жашоого канча акча керектигин эсептеп чыккандан кийин сиз өзүңүздүн ай сайын тапчу кирешениздин томонкү деңгээлин билдиңиз. Канча киреше тапсаныз да, сиз ошол эле айда баарын коротуп, ошол эле каржылык баскычта калышыныз мумкун. Бизди каржы маселелери боюнча советтик доор эмнени уйротту? Акчалуу болдуңбу-эмерек сатып ал! Акчалуу болдуңбу — унаа сатып ал! Акчалуу болдуңбу-дача сатып ал! Акчалуу болдуңбу-үй сатыл ал! Акчалуу болдунбу-жаны муздаткыч же болбосо электр мешин сатып ал! Чеги жок Бирок бул аракеттердин бардыгы колубузга тийген акчанын суммасына же сатып алган буюмдардын баасына қарабастан каржылык көз карандысыздык деңгээлинде гана калтырат. "Байлык" деңгээлине чыгыш үчүн адаттагы көз караштарды же аракеттерди өзгөртүү керек.
Бирок байлыкта мен бул акчаны өзүм иштеп таап жатам.
Ал эми каржылык эркиндикте бул акчаны инвестирлөө же ушул сыяктуу башка киреше алып келип жатат.
Эгерде жашаганыңызга бир айга 500$ керектелсе, а сиз 600$ тапсаңыз, демек, сиз байсыз. Эгер бул 600$ сизге кайсы бир ишке салган акчаңыздан түшүп жаткан болсо, сиз бул акчаны өзүңүз иштебей эле таба турган болсоңуз, анда сиз каржылык эркиндиктесиз. Кызыгы, каржылык эркиндикке жеткен адамдар, албетте, акча үчүн же нан табыш үчүн эмес, өздөрүнүн жеке ырахаты үчүн тешет. Келгиле, алган билимибиздин жыйынтыгын чыгарабыз. Мисалы, бир айлык жалпы кирешебиз 550$ деп коелy, ай сайын 560, 550, 540 чыгаша кылабыз. каржылык абалыбыз кандай өзгөроруүн байкап көрөлү.
Повторяем попытку...

Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео
-
Информация по загрузке: