30.10.2025 Күндеми | Кечки чыгарылыш || Регион ТВ
Автор: Телеканал Регион
Загружено: 2025-10-30
Просмотров: 3591
Описание:
Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын кезексиз шайлоого даярдык көрүү алкагында Борбордук шайлоо комиссиясы өткөрүп жаткан тесттик аралыктан добуш берүү процессинин жүрүшү менен таанышты;
КЫРГЫЗСТАНДА 2030-ЖЫЛГА ЧЕЙИН НЕГИЗГИ КАПИТАЛДЫК ИНВЕСТИЦИЯЛАР 50 %ГА КӨБӨЙТҮЛӨТ. Бул тууралуу бүгүн, Бишкекте өткөн “Улуттук өнүктүрүү форуму - 2030” да айтылды;
Манас шаарында алгачкы жолу КМШга мүчөмамлекеттердин Чек ара аскерлеринин колбашчыларынын кеңешинин 91-отуруму өттү. Ага сегиз мамлекеттин чек ара кызматтарынын өкүлдөрү катышты;
Сокулук районунунун “ВОССТ-2” конушунда жаңы 750 орундуу заманбап мектептин, 120 орундуу бала бакчанын жана сейил бактын курулушуна старт берилди. Ага УКМК төрагасынын орун басары генерал-майор Курманбек Авазов капсула салды;
Манас шаарында №2 саркынды сууларды тазалоочу жаңы жай пайдаланууга берилди. Станция суткасына 20 миң куб метр саркынды сууну тазалоого мүмкүнчүлүгү бар;
“Ариет” балдардын чыгармачылык борборунун жаңы заманбап имараты ачылды. Борбордо 25 ийрим боюнча билим берүү уюштурулуп, учурда 1 300 окуучу билим алууда.
------------------------------------------------------------------
Официальный сайт: https://regiontv.kg
REGION TV @ Instagram / regiontvkg
REGION TV @ Facebook / regiontvkg
REGION TV @ Одноклассники https://ok.ru/region.kyrgyzstan
REGION TV @ Телеграм https://t.me/trkregion
Повторяем попытку...
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео
-
Информация по загрузке: