МЭР: ТАЛАП ТОНОП, ОҢДОБОЙ ЖҮРҮШКӨН ЭКЕН ДА
Автор: Boron Media
Загружено: 2026-01-23
Просмотров: 11341
Описание:
✅ Ош шаарынын мэриясынын агартуу залынын имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтөт
🗓️Ош шаары, 24-январь
🔹 Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тийиштүү жетекчилер менен биргеликте Ош шаарынын мэриясынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн агартуу залы жайгашкан имаратын кыдырып көрүп чыкты.
🔹Учурда имараттын эскилиги жетип, дубалдарынын айрым жерлери көчө баштаган. Жер төлөө бөлүгү пайдаланууга жараксыз болуп, таштанды топтолгон абалга келген. Мындан тышкары, коммуналдык кызматтарга тиешелүү түтүктөрдүн бардыгы эскирип, иштен чыккандыгы белгилүү болду.
🔹 Маалым болгондой, имарат 1971-жылы курулуп, дээрлик 60 жылга жакын убакыттан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес.
🔹Анын негизинде шаар мэри тиешелүү кызматтарга аталган имаратты толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн кыска мөөнөттө долбоордук-сметалык документтерди даярдоо боюнча тапшырма берди.
🔹Эскерте кетсек, аталган имарат Мамлекеттик мүлк фондунан Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына толугу менен өткөрүлгөн.
🔹Белгилей өтскөк, шаар башчысынын демилгеси менен Ош шаарынын мэриясынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имараты да этап-этабы менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.
___________________
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү
#Ош_мэрия
#мэр #рейд #снос
Повторяем попытку...
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео
-
Информация по загрузке: