"Апам ууланып калды"/ Замир Акжолбековичтин дарысы дабабы же бизнеспи? 2-бөлүк
Автор: Эламан Карымшаков
Загружено: 2026-02-28
Просмотров: 6402
Описание:
Бүгүн элдик дарыгермин деген Замир Акжолбекович тууралуу иликтөөнүн экинчи бөлүгүн сунуштайбыз. Алдыда сыйкырчыдай болгон дарыгер бейтаптарды кантип "айыктырарын" көрсөтөбүз. Ошол эле маалда дарысын ичип ууланып ооруканага түшүп калдык, 50 миң, 100 миң сомго препараттарын алсак да пайда чыкпады дегендер болду. "Ракты да айыктырам десе 5 ай дарысын иче берип тура албай калдым" деп дагы бир жабырлануучу кайрылды.
Эмне үчүн дары чөптөрү кымбат? Бул элди алдап байыган үй-бүлөк бизнес эмеспи? Бир туугандары менен заматта кантип үй жайларды алып, кымбат унааларды айдап калганын сурадык.
Урматтуу көрөрман, биз Замир Акжолбековичтин деңгээли кандай экенин көрсөттүк. Чечимди өзүңүз чыгарыңыз.
Эскерте кетсек, мыйзам боюнча жогорку медициналык билими жок же атайын даярдыктан өтпөгөн адамдар элдик медицина менен алектенсе 50 миңден 200 миң сомго чейин айып салынат. Эгер ушул иши аркылуу ден соолукка олуттуу зыян келтирсе 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Повторяем попытку...
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео
-
Информация по загрузке: