ycliper

Популярное

Музыка Кино и Анимация Автомобили Животные Спорт Путешествия Игры Юмор

Интересные видео

2025 Сериалы Трейлеры Новости Как сделать Видеоуроки Diy своими руками

Топ запросов

смотреть а4 schoolboy runaway турецкий сериал смотреть мультфильмы эдисон
Скачать

Уламышка айланган Улуу ырчы Мыскал Өмүрканованын өзү ырдаган 25 ыры. (аудио) Мемлекеттик Архив

Автор: Чагылган KG

Загружено: 2021-01-07

Просмотров: 27167

Описание: Мыкты аткаруучу, комузчу, коңгуроодой үндүү кыргыздын таланттуу кыздарынын бири – Кыргыз ССРинин эл артисти Мыскал Өмүрканова туурасындагы 10 фактыны беребиз. Бул жаатта бизге ырчы тууралуу иликтеп, китеп жазып жүргөн журналист Айбек Шамшыкеев жана музыка таануучу Балбай Алагушев кеңешчи болду.
Мыскал Өмүрканова Дүйшө кызы 1915-жылы Жумгал районундагы Баш-Кууганды айылында туулган.
Ал кыргыз искусствосуна, анын ичинен ырчылык өнөрдүн өнүгүшүнө чейрек кылымдан ашуун, 30 жылга чукул салымын тынбай кошуп келген. Кыргыз үнүн узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына жеткирип келген уникалдуу талантка ээ ырчылардын көч башында турган улуу инсан.
14 жаштагы кошок. Мыскал Өмүрканованын апасы төрөттөн кайтыш болот. Ошол учурда 14 жаштагы Мыскал сиңдилери Нускал менен Токонду кучактап алып, энесин жоктоп кошкон кошогу алигүнчө эл оозунда айтылып келет.
Жети канат боз үйдү,
Жыя кармап капшырдың.
Жетиле элек жетимди,
Эми кимге тапшырдың? деп башталып, узакка кошкон дешет.
Кожомкул балбандын көмөгү. Мыскалдын эл арасына таанылган ырчы болушуна кадимки балбан Каба уулу Кожомкулдун салымы чоң экендигин айтып келишет.
Ал айыл башчысы болуп иштеп, жыйым-терим кезинде талаадан өтүп бара жатып, заңкылдап ырдаган Мыскалдын үнүн угуп, бастырып келип кайра-кайра ырдаткан дешет.
Кийин балбан Мыскал менен күйөөсү Сагынаалыны алгач райондук, андан кийин Нарын облустук театрга барууга багыт берип, булактын көзүн ачкан деп айтып келишет.
"1939-жылы Мыскалга Сталин тура калып кол чапты деген туура эмес". "Мыскал Өмүрканова 1939-жылы Москва шаарында кыргыз элинин маданиятынын, искусствосунун жана адабиятынын 1-декадасына "Алымканды" 3 мүнөт созгондо Иосиф Сталин тура калып кол чаап, ал тургай тост көтөргөн" деген маалыматты журналист Айбек Шамшыкеев четке кагып, бул чындыкка туура келбейт деген пикирин айтты.
"1939-жылы Мыскал эжебиз уулу Бектурсунду төрөп, Москвадагы 1-декадага катыша албай калган. Ал мезгилдери Нарын театрында эмгектенип турган. Жогорудагыдай калп-чыны аралаш уламыш кеп элге тарап кеткен. Менимче, 1958-жылы 2-декадага баргандыгын, биринчисине алмаштырып алышкан. Мен кызыгып болушунча иликтеп көрдүм, бирок, 39-жылдагы декада тууралуу өзүнүн да, аны менен бирге иштеген залкардардын да эскерүүлөрү табылган жок. Анын атагы, элине калтырып кеткен көөнөрбөс мурасы 1-декадасыз эле эбегейсиз болуп кала берет", — деди Шамшыкеев.
1958-жылы Хрущев тура калып кол чаап, үнүн кайра-кайра уккан. Мыскал Москва шаарында кыргыз элинин маданиятынын, искусствосунун жана адабиятынын 2-декадасындагы жыйынтыктоочу концертте обон созгондо Хрущев тура калып кол чаап, басып келип, кайра-кайра ырдаткандыгын Эл артисти Турсун Уралиев эскерген.
Мыскал "Алымканды" бир нече мүнөт созгондо акустикасы мыкты Чоң театрда ала-тоолук ырчынын үнү дене бойду дүркүрөтөп, укмуш жаңырыптыр. Албетте, кол чабуудан зал жарылып кете жаздайт.
Балкондо отурган Хрущев Мыскалдын жанына келип, "Алымкандын" созгон жерин кайра-кайра кайталатып, абдан таасирленип уккандыгын, ал ирмемди кинокамералар тартып калгандыгын Уралиев айтып берген жайы бар.
Көмүскөдө калган обончулук, айтылбай калган сыр. Өмүрканова ырдоочулуктан сырткары бир топ обондорду чыгарганы менен аны элге айтып, жар салбаганын музыка таануучу Балбай Алагушев жазган.
"Өзүмө ылайыктуу ырлардын аздыгынан көңүлүм түшкөн ырларга обон чыгара коюп, ырдап жүрдүм. Бирок, эл мени ырчы катары билгендиктен анымды эч кимге деле айтпай, концерттерде элдики деп аткарар элем. Иштешкендердин ичинен Осокем (Осмонкул Бөлөбалаев) билчү", — деп айтып берген экен.
Талантты барктап, сыйлай албай… Өмүрканова 1941-жылдан тарта 1965-жылга чейин Кыргыз филармониясында алгач, хордо кийин өзүнчө ырчы болуп эмгектенген. Ал элүүнүн кырына жеткенде эмнегедир филармония жетекчилиги тарабынан пенсияга "жөнөтүлгөн". Мындай чукул чечим ырчынын өзү, коомчулук жана кесиптештери үчүн күтүүсүз болгон. Сахнадан алыстап, ырдабай калуу Мыскал үчүн бир топ оор болгондугун анын замандаштары, жакын санаалаштарына дароо байкалган. Өмүрканова эс алууга узатылса да, үйдө отура албай, келип-кетип жүргөн.
Кытайда кыргыз маданиятына өмүр берген Жусуп Мамай туурасында кызыктуу 7 факты
61 жаш… 1976-жылдын 25-декабрында Фрунзе шаарында ырчы көз жумган. "
Өмүр издери. Ал эми ирет (1951-1959-жылдары) Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болот. Ленин, эки ирет Эмгек Кызыл Туу ордендери, медалдар менен сыйланган. 2015-жылы Мыскал Өмүрканованын 100 жылдык мааракеси республикалык масштабда белгиленди. Залкар таланттын юбилейине карата журналист Шамшыкеевдин сценарийине белгилүү режиссер Темир Бирназаров "Мыскал эже" аттуу даректүү тасма жаратты.
https://sputnik.kg ... киного сылклка:    • Видео  

Не удается загрузить Youtube-плеер. Проверьте блокировку Youtube в вашей сети.
Повторяем попытку...
Уламышка айланган Улуу ырчы  Мыскал Өмүрканованын өзү ырдаган 25 ыры. (аудио) Мемлекеттик Архив

Поделиться в:

Доступные форматы для скачивания:

Скачать видео

  • Информация по загрузке:

Скачать аудио

Похожие видео

ТУМАНБАЕВДИН

ТУМАНБАЕВДИН " ТУМАНДУУ " РЕФОРМАСЫ | ЫДЫРЫС ИСАКОВ

Д/ф

Д/ф "Мыскал эже" (2015) реж: Темир Бирназаров

Жина

Жина

Жан дүйнөм - ырда / КР эл артисти Гүлмайрам Момушеванын бейнеси

Жан дүйнөм - ырда / КР эл артисти Гүлмайрам Момушеванын бейнеси

ТҮШКҮ ЖАҢЫЛЫКТАР 26.01.26: КЫРГЫЗ ХОККЕЙЧИЛЕРИ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ БОЛДУ!

ТҮШКҮ ЖАҢЫЛЫКТАР 26.01.26: КЫРГЫЗ ХОККЕЙЧИЛЕРИ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ БОЛДУ!

Чукуул кайрылуу.  15 января 2026 г.

Чукуул кайрылуу. 15 января 2026 г.

Красивая мелодия до слёз! Одна из самых красивых, волшебных весенних мелодий #183

Красивая мелодия до слёз! Одна из самых красивых, волшебных весенних мелодий #183

Бегимай менен Раймаалынын айтышы (HD).

Бегимай менен Раймаалынын айтышы (HD). "Махабат дастаны" тасмасынан.

Арзыбек Бедияров - Ырлар жыйнагы 2020

Арзыбек Бедияров - Ырлар жыйнагы 2020

МЫСКАЛ ӨМҮРКАНОВА: АЛЫМКАН...

МЫСКАЛ ӨМҮРКАНОВА: АЛЫМКАН...

КҮЙДҮМ ЧОК КИМГЕ ТААНДЫК? #күйдүмчок

КҮЙДҮМ ЧОК КИМГЕ ТААНДЫК? #күйдүмчок

ШИКАРНЫЙ ФИЛЬМ ПРИКЛЮЧЕНИЕ ПРО СУРОВЫЙ ДИКИЙ ЗАПАД | ФИЛЬМ, ОТ КОТОРОГО НЕВОЗМОЖНО ОТОРВАТЬСЯ

ШИКАРНЫЙ ФИЛЬМ ПРИКЛЮЧЕНИЕ ПРО СУРОВЫЙ ДИКИЙ ЗАПАД | ФИЛЬМ, ОТ КОТОРОГО НЕВОЗМОЖНО ОТОРВАТЬСЯ

Д/ф

Д/ф "Мыскал (Мыскал Өмүрканова)" (1989) [4K] реж. Лиля Турусбекова

Калптын казаны кайнабайт: Жапаров, карыз жана элге айтылбаган чындык | Айт Айт Десе | Иликтөө

Калптын казаны кайнабайт: Жапаров, карыз жана элге айтылбаган чындык | Айт Айт Десе | Иликтөө

Малик Аликеевдин - ЭҢ АКЫРКЫ ЫРДАГАНЫ // арман дүйнө

Малик Аликеевдин - ЭҢ АКЫРКЫ ЫРДАГАНЫ // арман дүйнө

ТОПТУ КЫЛЫЧ КЕСКЕНДЕЙ ЭЛЕ КЕСЕТ ГО

ТОПТУ КЫЛЫЧ КЕСКЕНДЕЙ ЭЛЕ КЕСЕТ ГО

УЛАМЫШКА АЙЛАНГАН УЛУУ ЫРЧЫ МЫСКАЛ ӨМҮРКАНОВА: АЛЫМКАН, ЖЫЛКЫЧЫНЫН ЫРЫ ЖАНА КЫЗЫЛ ГҮЛ

УЛАМЫШКА АЙЛАНГАН УЛУУ ЫРЧЫ МЫСКАЛ ӨМҮРКАНОВА: АЛЫМКАН, ЖЫЛКЫЧЫНЫН ЫРЫ ЖАНА КЫЗЫЛ ГҮЛ

Почки скажут вам: всего 1 стакан перед сном и ночные походы в туалет исчезнут | ПАМЯТЬ И МОЗГ

Почки скажут вам: всего 1 стакан перед сном и ночные походы в туалет исчезнут | ПАМЯТЬ И МОЗГ

"Ыр кесе" долбоору Токтогул районунда

Мыскал Өмүрканованын кызы

Мыскал Өмүрканованын кызы

© 2025 ycliper. Все права защищены.



  • Контакты
  • О нас
  • Политика конфиденциальности



Контакты для правообладателей: [email protected]