Көздөрүң менен коштошуу (REMIX/Cover)
Автор: KAVER•KG
Загружено: 2026-02-07
Просмотров: 4
Описание:
Көздөрүң менен коштошуу
Сөзү: Манас Алымбаев
Обону: Түмөнбай Колдошов
Эскертүү:
Бул ыр кавер түрүндө жасалма интеллект жана башка программалардын жардамы менен даярдалып, кыргыз обондорун колдоо максатын көздөйт.
Ырдын автордук укуктары Манас Алымбаев жана Түмөнбай Колдошовго таандык.
Көздөр көк асман, көздөр бир дастан,
Көзүңө чөгүп, канча адашкам.
Бир тиктеп алып, карегим талып,
Кирпиктерим да сени самашкан.
Жарк этип күндөй, бүркөлүү дүйнөм,
Алоолоп жанып, көзүңдө күйдүм.
Төгүлдүм сага чайпалып эрким,
Көрүндүң мага баладай сүйкүм.
Көз баарын таанып, көздөн жаш тамып,
Үлпүлдөп өчтү үмүтүм жанып.
Кайрылбай бир күн кетээриң билгем,
Кайрыктарымда күйүтүм калып.
Каректериңде өткөнсүп өмүр,
Көздөрүң эстеп кыйналаар көңүл.
Көзүңдөн өткөн күндөрүм калаар,
Көзүңдөн өпкөн күндөрүм калаар…
Повторяем попытку...
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео
-
Информация по загрузке: