ycliper

Популярное

Музыка Кино и Анимация Автомобили Животные Спорт Путешествия Игры Юмор

Интересные видео

2025 Сериалы Трейлеры Новости Как сделать Видеоуроки Diy своими руками

Топ запросов

смотреть а4 schoolboy runaway турецкий сериал смотреть мультфильмы эдисон
Скачать

Бишкекте заманбап маданий борбордун курулушуна мезгил кутусу салынды

Автор: Мэрия БИШКЕК Мэриясы

Загружено: 2026-03-03

Просмотров: 1733

Описание: 2026-жылдын 3-мартында Бишкек шаарында мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордунда заманбап маданий борбордун курулушуна мезгил кутусун салуу аземи өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, ошондой эле райондун тургундары катышты.

Долбоорду Бишкек шаарынын мэриясы ишке ашырууда. Жаңы маданий борбор шаардыктардын маданиятын, искусствосун жана эс алуусун өнүктүрүүгө багытталган маанилүү коомдук жай болот.

Салтанаттуу сөзүндө калаа башчысы бул күн шаардын тарыхында өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, келечектеги маданий борбор жөн гана имарат эмес, искусство, чыгармачылык жана жаштар демилгелерин ишке ашыруучу заманбап аянтча болорун баса белгиледи.

«Бул жайдын айланасында ар кандай пикирлер жана талкуулар болду. Бул жерде эч кандай турак жай курулбай турганын дагы бир жолу белгилейм. Бишкек шаарынын мэриясынын демилгеси менен бул жерге мурдагы “Чатыр-Көлдөн” кем калбаган заманбап маданий борбор салынат. Курулуш нормалары, иш графиги жана белгиленген талаптар толук сакталган шартта, курулуш быйыл аяктап, сентябрь айында объекттин салтанаттуу ачылышы пландалууда», — деди А. Джунушалиев.

Долбоордун алкагында жер алдындагы 92 унаа токтотуучу жайы бар үч кабаттуу имарат куруу каралган. Жер тилкесинин жалпы аянты 0,4 гектарды, имараттын жалпы аянты 7 490 чарчы метрди түзөт. Борбордо 420 орундуу кинотеатр, музыкалык жана театрдык класстар, фуд-корт зоналары, ошондой эле 330 орундуу көргөзмө залы жайгашат.

«Фрунзе шаарынын энциклопедиясынын» маалыматына ылайык, «Чатыр-Көл» кинотеатры 1967-жылы Ботаникалык конушунда ачылып, 600 орунга ылайыкташкан. 2010-жылы имарат улутташтырылып, «Учур» мамлекеттик жаштар театрына өткөрүлүп берилген. Бирок капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес жана акыркы жылдары объект пайдаланылган эмес. 2025-жылдын 5-ноябрында имаратта өрт чыгып, андан кийин Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев тиешелүү шаардык кызматтарга объекттин мындан аркы тагдырын аныктоо жана жаңы маданий борбордун курулуш долбоорун тездетүү боюнча тапшырма берген.

Не удается загрузить Youtube-плеер. Проверьте блокировку Youtube в вашей сети.
Повторяем попытку...
Бишкекте заманбап маданий борбордун курулушуна мезгил кутусу салынды

Поделиться в:

Доступные форматы для скачивания:

Скачать видео

  • Информация по загрузке:

Скачать аудио

Похожие видео

Зулушев мандатын тапшырды, Ташиев сурак берди | Жаңылыктар | 13.03.2026

Зулушев мандатын тапшырды, Ташиев сурак берди | Жаңылыктар | 13.03.2026

ЖІГІТТЕРДІ АЯЙМЫН | НЕГЕ ҮЙЛЕНЕ АЛМАЙ ЖҮР? | ТӨЛЕГЕН ТАЛДЫБАЕВ

ЖІГІТТЕРДІ АЯЙМЫН | НЕГЕ ҮЙЛЕНЕ АЛМАЙ ЖҮР? | ТӨЛЕГЕН ТАЛДЫБАЕВ

ТОКТОРБАЕВДИН ДООЧУЛАРЫ / ОШ/ ЖЕҢИШБЕК ТОКТОРБАЕВ / ЫДЫРЫС ИСАКОВ /

ТОКТОРБАЕВДИН ДООЧУЛАРЫ / ОШ/ ЖЕҢИШБЕК ТОКТОРБАЕВ / ЫДЫРЫС ИСАКОВ /

Ысык-Көл: мектепке суу кечип барган мугалим

Ысык-Көл: мектепке суу кечип барган мугалим

Кечки ЖАНЫЛЫКТАР топтому 13.03.2026

Кечки ЖАНЫЛЫКТАР топтому 13.03.2026

Суу алуучу жайдын аймагындагы объектилердин мыйзамдуулугу текшерилет

Суу алуучу жайдын аймагындагы объектилердин мыйзамдуулугу текшерилет

УКМКда кыйноо көргөнүн айткандардын иши кайра каралабы?

УКМКда кыйноо көргөнүн айткандардын иши кайра каралабы?

Иран дрондары Қазақстан мұнайына дейін жетуі мүмкін бе? | EL ДАУЫСЫ

Иран дрондары Қазақстан мұнайына дейін жетуі мүмкін бе? | EL ДАУЫСЫ

Руслан Акун: “Нелегал” мыйзамсыз миграцияга чакырбайт

Руслан Акун: “Нелегал” мыйзамсыз миграцияга чакырбайт

‼️Иран готовит теракты на

‼️Иран готовит теракты на "Оскаре". ОМОН против сибиряков. Приговоры за "Крокус" / Выпуск новостей

Бишкек мэриясы суу каптоонун алдын алуу боюнча комплекстүү чараларды ишке ашырды4

Бишкек мэриясы суу каптоонун алдын алуу боюнча комплекстүү чараларды ишке ашырды4

ЖАПАРОВ ЖЕСТКО КЫЛДЫ! ЭЧ КИМ КҮТПӨГӨН БОЛЧУ! ТАШИЕВ СУРАКТА

ЖАПАРОВ ЖЕСТКО КЫЛДЫ! ЭЧ КИМ КҮТПӨГӨН БОЛЧУ! ТАШИЕВ СУРАКТА

"Экзаменди биринчи өздөрү тапшырсын"

Ахбори Тоҷикистон ва ҷаҳон (13.03.2026) اخبار تاجیکستان )

Ахбори Тоҷикистон ва ҷаҳон (13.03.2026) اخبار تاجیکستان )

Жол коопсуздугу - өмүр коопсуздугу

Жол коопсуздугу - өмүр коопсуздугу

ЖЕСТКИЙ БОЙ: Одилхон Камолов УЗ - Манас Орозов КР / ABL 4 БОКС

ЖЕСТКИЙ БОЙ: Одилхон Камолов УЗ - Манас Орозов КР / ABL 4 БОКС

Кыргыз архитектурасынын келечеги | Омуралиев Дүйшөн Джунусович | Этно стиль | Кыргызстан 🇰🇬 | Бишкек

Кыргыз архитектурасынын келечеги | Омуралиев Дүйшөн Джунусович | Этно стиль | Кыргызстан 🇰🇬 | Бишкек

Мэр ЖЭБдин техникалык каналынын боюндагы участокко барды

Мэр ЖЭБдин техникалык каналынын боюндагы участокко барды

Қытайлықтар Астананың төрінде дәрет сындырды. Бұл қазақты басынғаны ма? I Құлыбаевтар

Қытайлықтар Астананың төрінде дәрет сындырды. Бұл қазақты басынғаны ма? I Құлыбаевтар

Old Bishkek долбоору: Экинчи кабаттагы кошумча курулуш убактылуу токтотулду

Old Bishkek долбоору: Экинчи кабаттагы кошумча курулуш убактылуу токтотулду

© 2025 ycliper. Все права защищены.



  • Контакты
  • О нас
  • Политика конфиденциальности



Контакты для правообладателей: [email protected]