Мөңгүлөр талкаланып, жайыт, суусу жок калабыз/ Алайдагы көмүр ташуучу жолдун чыры
Автор: Эламан Карымшаков
Загружено: 2024-09-23
Просмотров: 128048
Описание:
Алай районунун Чоң-Каракол айылына барып келдик. Мурда мал-жанын багып жай күн кечирип келген тургундардын санаасы санга бөлүнүп, айласы алты кетип турган чагы. “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы Кытайга көмүр ташуу үчүн айылдын үстүнөн жол салууга киришкен. Бирок жергиликтүүлөр жол ачылса мөңгүлөр ээрип, булактардын көзү бузулуп, жайыттагы чөптөр, көп жылдык арчалар куурап, ажайып жаратылыш талкаланат деп нааразы болууда.
Ал эми “Кыргыз көмүр” ишканасына барганыбызда бул жолду курууга 5 миллион доллар сарпталарын, аны үчүн “СпецАрендаТехника” деп аталган менчик компания менен инвестициялык келишим түзүлгөнү маалым болду. Ага ылайык, “Загара” кениндеги көмүрдүн 40 пайызы мамлекетке калып, 60 пайызын инвесторлор алып келет.
Ошол эле учурда Жаратылыш ресурстары жана экология министрлиги алар корутунду бербегенин, долбоорду көрүп эле колдобой жатышканын билдирди.
Повторяем попытку...
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео
-
Информация по загрузке: