ycliper

Популярное

Музыка Кино и Анимация Автомобили Животные Спорт Путешествия Игры Юмор

Интересные видео

2025 Сериалы Трейлеры Новости Как сделать Видеоуроки Diy своими руками

Топ запросов

смотреть а4 schoolboy runaway турецкий сериал смотреть мультфильмы эдисон
Скачать

Досума - Сыймык Бейшекеев

Автор: Сыймык Бейшекеев

Загружено: 2020-11-16

Просмотров: 3019914

Описание: Досума
С. О. Сыймык Бейшекеевдики
Бул ыр, бул дүйнөдөн көзү ачык кеткен, маркум биздин досубуз Таалай Бектургановдун жаркын элесине багышталмакчы...

Көөдөнүмдөн муң арылбай жатты,
Көкүрөк дарты жарылбай жатты.
Убакыт учат зымырык куштай,
Уйкусуз далай таңдар да атты.
Колдон бир келбес иш экен аттиң,
Козголбос жайга сен эми кеттиң.
Чымындай жаның чыркырап кетти,
Чын кеткениңди мен бүгүн сездим.

Эмне мынча сен эртелеп кеттиң,
Элиңдин бүтүн жүрөгүн эздиң.
Укканда сени ишене албай,
Ушак бул жалган бир кептир дедим.
Арман күн андай болбоду досум,
Ыр бутагына конбодуң досум.
Аталап ыйлаар туяк калтырып,
Анан кийин не соолбодуң досум.

Арбыбай сенин кадамың досум,
Арылбай жакшы арааның досум.
Сыздатып коюп сен учуп кеттиң,
Сагындык сенин карааның досум.
Артыңдан калган досторуң досум,
Армандуу коштойт үнүңдү досум.
Черткенде черди таркатчуң аттиң,
Гитардын кылы үзүлдү досум.
Арман ыр жүрөк толгойт го досум,
Өзүңдөй эми болбойт го досум.
Эрте алып кеткен арадан бөлүп,
Боору таш ажал тойбойт го досум.
Булактын көзү соолдубу досум,
Буурчак жаш көзгө толдубу досум.
Береним бизден бөлүнүп учтуң,
Бейишке жаның кондубу досум.

Узатып бирге өзүңдү жоктоп,
Табигат кошо ыйлады досум.
Таарыныч айтып тагдырга наалат,
Канча жаш жүрөк сыздады досум.
Тууганың менен досторуң досум,
Жүргөнбүз сени жан тутуп досум.
Келдиң да кайра шашылыш кеттиң,
Ата-энең калды кан жутуп досум.
Сүйгөнүң калды артыңдан жоктоп,
Сүйлөбөй сенин жүрөгүң токтоп.
Кантели тагдыр ушу экен арман,
Аркаңда калдык буркурап-боздоп.
Күлгөнүң күнгө тең эле Таалай,
Күйүткө салдың эң эле Таалай.
Таалайы тайкы адамдай болуп,
Тагдырың неден кем эле Таалай.

Кызарып күнүң баттыбы досум,
Күкүктөй үнүң каттыбы досум.
Жалынсак дагы келбейсиң кайра,
Жаннатка жаның жаттыбы досум.
Булутка күнүң баттыбы досум,
Булбулдай тилиң каттыбы досум.
Ыйласак укпай сен кетип калдың,
А дүйнө эмне жактыбы досум?
Туулган жериң Чаткалың досум,
Турпагын жаздап сен жатканың досум.
Адамдын баарын өзүндөй көрбөй,
Жүрсөң бир болмок сактанып досум.
Эзилип жүрөк зырп этти досум,
Ээ кылбай ажал шыр кетти досум.
Буркурап, боздоп биз калып калдык,
Ырдалбай канча ыр кетти досум.

Энеңе кыйын иш болду досум,
Кандай бир күнгө туш болдуң досум.
Бектурган уулу Таалайбек өзүң,
Элиңен кеткен бир куш болдуң досум.
Ырларың калды аманат досум,
Унутулбай ырың ырдалат досум.
Таалайбек деген атың жүрөктө,
Түк өчпөс болуп сакталат досум.
Унутулбай ырың ырдалат досум,
Кош, эми Таалай, тынч укта досум...

1995-жыл, декабрь айы

Не удается загрузить Youtube-плеер. Проверьте блокировку Youtube в вашей сети.
Повторяем попытку...
Досума - Сыймык Бейшекеев

Поделиться в:

Доступные форматы для скачивания:

Скачать видео

  • Информация по загрузке:

Скачать аудио

Похожие видео

ЖАҢЫ ДЕПУТАТТАРДЫН ДАРАМЕТИ КАНДАЙ? / ЫДЫРЫС ИСАКОВ

ЖАҢЫ ДЕПУТАТТАРДЫН ДАРАМЕТИ КАНДАЙ? / ЫДЫРЫС ИСАКОВ

КАЙЫРЧЫНЫН КАЗАЛЫ – Сыймык Бейшекеев

КАЙЫРЧЫНЫН КАЗАЛЫ – Сыймык Бейшекеев

Жогорку Кеңештин жаңы депутаттары биринчи иш күнүн кантип баштады?  #жогоркукеңеш #депутаттар

Жогорку Кеңештин жаңы депутаттары биринчи иш күнүн кантип баштады? #жогоркукеңеш #депутаттар

Внутри тюремной реабилитации Талибана для наркозависимых

Внутри тюремной реабилитации Талибана для наркозависимых

Айбек карымов-Корком

Айбек карымов-Корком

Бегимай менен Раймаалынын айтышы (HD).

Бегимай менен Раймаалынын айтышы (HD). "Махабат дастаны" тасмасынан.

Азыр да ойдо элесиң турат...  Таалай Бектургановду эскерүү концертинен үзүндү 19.06.2025

Азыр да ойдо элесиң турат... Таалай Бектургановду эскерүү концертинен үзүндү 19.06.2025

ЧООЧУН АЯЛ - Сыймык Бейшекеев \ жаңы клип 2021

ЧООЧУН АЯЛ - Сыймык Бейшекеев \ жаңы клип 2021

Арест Берии: самый опасный переворот в Кремле

Арест Берии: самый опасный переворот в Кремле

Журналисттен качкан жаңы депутаттар/ Шайлоого канча акча коротушту, эми кантип иштешет?

Журналисттен качкан жаңы депутаттар/ Шайлоого канча акча коротушту, эми кантип иштешет?

Маңкурт баяны - Сыймык Бейшекеев #сыймыкбейшекеев #манкуртбаяны #дастан #комуз

Маңкурт баяны - Сыймык Бейшекеев #сыймыкбейшекеев #манкуртбаяны #дастан #комуз

Хит ырлар - Сыймык Бейшекеев

Хит ырлар - Сыймык Бейшекеев

Жаш Депутаттарды КЫЙНАГАН журналисттер

Жаш Депутаттарды КЫЙНАГАН журналисттер

Мухаммед Али против Ивана Драго! Этот Бой не Забыть...

Мухаммед Али против Ивана Драго! Этот Бой не Забыть...

Нурсултан Малдыбаев / Даниэлге / жаны ыр 2024

Нурсултан Малдыбаев / Даниэлге / жаны ыр 2024

«EGEMEN CLUB»  ОЮН | 1/8 ФИНАЛ

«EGEMEN CLUB» ОЮН | 1/8 ФИНАЛ

Хит 2006 / Артык & Сапар - Атага кат / Элдин баарын ыйлаткан ыр 😥😥😥

Хит 2006 / Артык & Сапар - Атага кат / Элдин баарын ыйлаткан ыр 😥😥😥

АНТ БЕРИП ЖАТЫП СҮРДӨГӨН ДЕПУТАТТАР #сайткасаякат #кыргызстан

АНТ БЕРИП ЖАТЫП СҮРДӨГӨН ДЕПУТАТТАР #сайткасаякат #кыргызстан

Таалай Бектургановду ким өлтүргөн?

Таалай Бектургановду ким өлтүргөн?

Ыраймаалы менен Бегимайдын махабаты

Ыраймаалы менен Бегимайдын махабаты

© 2025 ycliper. Все права защищены.



  • Контакты
  • О нас
  • Политика конфиденциальности



Контакты для правообладателей: [email protected]