Ыйса Теңир баалайм Сени
Автор: ДАҢКТОО ТАБЫНУУ
Загружено: 2026-02-05
Просмотров: 166
Описание:
Cөзү, обону Ысыева Рахиль
Ыйса Теңир баалайм Сени,
Ырайымың, сүйүүң, мээримиңди.
// Кыйналып, азап тартып Голготада
Мен үчүн берген Сенин өмүрүңдү. //
Кыйналып, азап тартып Голготада
Мен үчүн берген Сенин өмүрүңдү. //
Жанданам ыйык Сөздөрүңдөн,
Күч алам Сен менен сүйлөшүүдөн.
// Кечиримдүү, боорукерсиң баарынан Сен,
Рухка толуп, кубанам бир Өзүңдөн. //
Кечиримдүү, боорукерсиң баарынан Сен,
Рухка толуп, кубанам бир Өзүңдөн. //
Кереметиң айтып бүткүс Сөз менен,
Чексиз сүйүүңө бөлөнөйүн мен.
// Сен жөнүндө ар убакта ойлонууда
Өмүрүмдү өткөрөм Өзүң менен.
Сен жөнүндө ар убакта ойлонууда
Өмүрүмдү өткөрөм Өзүң менен.
Повторяем попытку...
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео
-
Информация по загрузке: