ycliper

Популярное

Музыка Кино и Анимация Автомобили Животные Спорт Путешествия Игры Юмор

Интересные видео

2025 Сериалы Трейлеры Новости Как сделать Видеоуроки Diy своими руками

Топ запросов

смотреть а4 schoolboy runaway турецкий сериал смотреть мультфильмы эдисон
Скачать

3 КЕРЕМЕТ 1 ЧӨЛКӨМДӨ // Ара-Көл, Күйгөн суу, Туз шахтасы

Автор: ЭМЕ...

Загружено: 2025-08-07

Просмотров: 645

Описание: ТУЗДУУ ТОО АДАМДАРГА ДЕН СООЛУК БЕРЕТ
Биз далай ооруларга даба болот деп айтылып келген «Чоң туз» шахтасы тууралуу жазалы деп Кочкор районуна жөнөдүк. Ал жерде бир гана кара туз өндүрүлбөстөн, дем алуу органдарынын өнөкөт ооруларына кабылган адамдарды дарылаган санаторий жайгашкан. «Чоң туз» шахтасындагы санаторий 1980-жылдан бери дарылануучуларды кабыл алып келет. 2010-жылдагы Апрель окуясы бул санаторийге да кесепетин тийгизген. Жергиликтүү элдин айтымында, аталган санаторий менчиктештирилип, дарылануу акысынын баасы асмандап кеткендиктен, жалаң гана Казакстан, Орусиядан келген бейтаптарды тейлеп калышкан экен. Буга жинденген кочкорлуктар санаторийди талкалап, талап-тоноп кетишкен. 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин эл тарабынан «Кочкор Кара туз»жабык акционердик коому түзүлүп, шахтаны элдик кылып мамлекеттин пайдасына чечүү үчүн жергиликтүү калк сотко кайрылган.
Бизге шахтанын ичин көрүү кызык болуп, туздуу тоону көздөй бет алдык. Бул жер остеохондроз, астма, бронхит, ар кандай муун оорулары менен жабыркаган адамдар үчүн миңдин бири. Шахтанын ичинде адамдар дарыланып кеткенге ылайыкталган бөлмөлөр, сыналгы көрүүчү жай, мындан сырткары туздуу көлмө жайгашкан. Ал туздан тургандыктан, адамды чөктүрбөй калкытып кармап турат.
«Чоң туз» шахтасы тууралуу бир нече маалыматтарды угуп, атайын адистерге суроо салдык. Алгач дем алуунун өнөкөт ооруларына шахтанын кандай пайдасы жана зыяны бар экенин билүү үчүн Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын терапия бөлүмүнүн башчысы Токтор Мөндүрбаевага кайрылдык.
– «Чоң туз»шахтасы – дем алуу органдарынын өнөкөт ооруларына кабылган адамдарды дарылоочу жай. Бирок аталган оорулардын ичинен дем алуу органдарынын өнөкөт оорусу курчуп, күчөп турган мезгилде жолдомо бере албайбыз. Себеби шахтанын ичи салкын жана жаз, күз мезгилдери суук келет. Мындай жагдайда дем алуу органдары, өпкөгө ого бетер суук тийип, күчөп кетиши мүмкүн. Негизинен, ооруканага астма, бронхиалдык астма менен ооруган адамдар кайрылып, дарылануу курстарын алып жатканда көп өлчөмдөгү дарыларды кабыл алышат. Ал жакта дарылануунун адамга пайдалуу жактары көп болгону менен, кургак учук, нефрит, гломерулонефрит, онкологиялык оорулар, бруцеллёз, ревматизм, полиартрит, лейкемия оорулары менен жабыркаган адамдарга тескери таасирин берет. Ошондой эле 65 жаштан жогорку кары адамдар, кош бойлуу аялдар барбай эле койгону оң.
Мындан соң ал жерден казылып алынган кара туздун турмуш-тиричиликтеги ордун билүү кызык болду. Дегеле казылган тузду эмне кылышат? Туздун мал-жандыкка кандай таасири бар экенин Нарын район аралык санитардык-ветеринардык, фитосанитардык инспекциянын бөлүм башчысы Мамбеткадыр Мотушов мындайча түшүндүрдү.
– Туз адамдын тамактануусуна кандай керек болсо, малга да ошондой деңгээлде керек болот. Майда жандыктарга орто эсеп менен бир койго бир күндө 2-3 граммдан туз берип туруш керек. Ал эми бодо малга андан жогорураак өлчөмдө берсе болот. Туздагы натрий-хлор, макро жана микроэлементтер малдын ашказанындагы маңыз менен кошулуп ашказан кычкылын пайда кылат да, анын иштешин жакшыртат.

«СУУГА ЖУМУРТКА БЫШЫРЫП ЖЕСЕ БОЛОТ»
Тузга болгон сапарыбыздан кийин Чолпон айылына баш бактык. Ал жерде күйүү касиетине ээ суу бар. Анын өзгөчөлүгү – сууга от койгондо, үстүнкү бөлүгү көгүлтүр оттой болуп күйүп чыгат. Суу чыккан жерге темирден тосмо жасап, сууну соруп чыгарчу насос коюшкан. Ушул айылдын тургуну Шарапат аттуу айымдан суунун чоо-жайын сурадык:
– Бир канча жыл мурда ушул суунун чыгышына күбө болгон орус улутундагы киши айтып бергенин уккам. 1982-жылы айыл ичине суу чыгарабыз деп жумушчу топ насос орнотуу үчүн жер казышкан экен. Чуңкур тереңдеп калганда жалындаган от чыгып, жумушчулар жүрөгү түшүп, бир топ жерге чейин качып барышат. Алыстан туруп карашса от өчпөй, күйүп тура бериптир. Жакын келип тобокелге салып карашса, оттун алдынан суу чыгып жаткан экен. Ошентип күйгөн суу пайда болгон.
Насосту кайра эле орнотуп, айланасын темирден калкалап чыгарып коюшкан. Андан бир аз убакыт өтпөй жакын эле жерден кайра чуңкур казышса, кадимкидей ичүүгө мүмкүн болгон суу чыгыптыр. Суунун үстүнө от жандырып, жумуртка кууруса болот. Ал тургай 40 мүнөттүн ичинде бир чайнек сууну да кайнатып алабыз. Бул суунун дарылык касиеттери да бар деп уккам. Сууну аз өлчөмдө алып, ашказан ооруларына каршы ичишет экен. Айыл тургундары денедеги аллергия жана экземадан айыгып кеткен учурлар болот.

Источник: super.kg маалымат-маанайшат порталы (https://www.super.kg/article/show/21143)

Не удается загрузить Youtube-плеер. Проверьте блокировку Youtube в вашей сети.
Повторяем попытку...
3 КЕРЕМЕТ 1 ЧӨЛКӨМДӨ // Ара-Көл, Күйгөн суу, Туз шахтасы

Поделиться в:

Доступные форматы для скачивания:

Скачать видео

  • Информация по загрузке:

Скачать аудио

Похожие видео

Кыргызстан 🇰🇬  Тоңдогу дартка даба туздуу көл.

Кыргызстан 🇰🇬 Тоңдогу дартка даба туздуу көл.

КОЖОЖАШТЫН АСКАСЫ, АВЛЕТИМ КӨЛҮ, ОЙ-АЛМА.

КОЖОЖАШТЫН АСКАСЫ, АВЛЕТИМ КӨЛҮ, ОЙ-АЛМА.

28.02.2026 Күндеми | Жума жыйынтык || Регион ТВ

28.02.2026 Күндеми | Жума жыйынтык || Регион ТВ

ТЫНАР МААНИЛҮҮ КЫЗМАТКА ДАЙЫНДАЛДЫ//БООРДУ ЭЗГЕН ТАМАША

ТЫНАР МААНИЛҮҮ КЫЗМАТКА ДАЙЫНДАЛДЫ//БООРДУ ЭЗГЕН ТАМАША

5 животных, которые приносят доход с заднего двора

5 животных, которые приносят доход с заднего двора

Самый бюджетный дом за 10 дней. Полный процесс строительства

Самый бюджетный дом за 10 дней. Полный процесс строительства

Суу жөнүндө биз билбеген укмуштар - BBC Kyrgyz

Суу жөнүндө биз билбеген укмуштар - BBC Kyrgyz

СРОЧНО! ТАШИ ДОСУНАН МУНУ КҮТПӨГӨН! ӨТӨ КАТУУ УЯТ БОЛДУ

СРОЧНО! ТАШИ ДОСУНАН МУНУ КҮТПӨГӨН! ӨТӨ КАТУУ УЯТ БОЛДУ

Президенттердин үнүн дал өзүндөй окшоштурган жигит менен маек

Президенттердин үнүн дал өзүндөй окшоштурган жигит менен маек

В 80 лет жена Брюса Ли наконец заговорила и раскрыла то, что все мы подозревали

В 80 лет жена Брюса Ли наконец заговорила и раскрыла то, что все мы подозревали

UNBELIEVABLE! Brave Man's Most Dangerous Climb on Giant Tree for Wild Honey

UNBELIEVABLE! Brave Man's Most Dangerous Climb on Giant Tree for Wild Honey

Едем к самому КРАСИВОМУ озеру в мире! / Кель-суу, Кыргызстан / серия 1

Едем к самому КРАСИВОМУ озеру в мире! / Кель-суу, Кыргызстан / серия 1

МЫНА САГА! ЫДЫРЫС ОШ ШААРЫНЫН ЭСК-МЭРИНИН МИЛЛИАРДТАРЫН АЧЫКТАДЫ  / ЖЕНИШ АКЕ КАМАЛАБЫ?

МЫНА САГА! ЫДЫРЫС ОШ ШААРЫНЫН ЭСК-МЭРИНИН МИЛЛИАРДТАРЫН АЧЫКТАДЫ / ЖЕНИШ АКЕ КАМАЛАБЫ?

Киргизия. Мы в шоке! Стоит ли ехать после Швейцарии? Кыргызстан. Путешествие на машине. Иссык-Куль.

Киргизия. Мы в шоке! Стоит ли ехать после Швейцарии? Кыргызстан. Путешествие на машине. Иссык-Куль.

Айыл өкмөт менен айыл башчысынын чыры

Айыл өкмөт менен айыл башчысынын чыры

Жайма базар Турбаза Бишкек ш. 9 август #итбазар #жаймабазар #тоокбазар #кыргызстан

Жайма базар Турбаза Бишкек ш. 9 август #итбазар #жаймабазар #тоокбазар #кыргызстан

Кенибиз бар, мээбиз жок || Катта-Туз || Лейлек || Ыдырыс Исаков

Кенибиз бар, мээбиз жок || Катта-Туз || Лейлек || Ыдырыс Исаков

100 Days Solo Bushcraft, Survival & Building a Treehouse in the Rainforest

100 Days Solo Bushcraft, Survival & Building a Treehouse in the Rainforest

Англияга келдик айлык 230Миң экен россиядан жакшы экен көрүнүздөр #кыргызстан #мигранттар #бишкек

Англияга келдик айлык 230Миң экен россиядан жакшы экен көрүнүздөр #кыргызстан #мигранттар #бишкек

Он не знал, Что Это был Брюс Ли — Чемпион Бросил вызов Случайному Человеку в Зале

Он не знал, Что Это был Брюс Ли — Чемпион Бросил вызов Случайному Человеку в Зале

© 2025 ycliper. Все права защищены.



  • Контакты
  • О нас
  • Политика конфиденциальности



Контакты для правообладателей: [email protected]