ЖӨБ органдарында ченем жаратуу, 03.03.2026
Автор: Академия местного управления Центральной Азии
Загружено: 2026-03-09
Просмотров: 10
Описание:
2026-жылдын 3-4- мартында «ЖӨБ органдарында ченем жаратуу» темасында вебинарлар өткөрүлдү. Иш-чарага «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун 6 пилоттук районунан жергиликтүү кеңештердин аял депутаттары катышты.
Вебинарлардын негизги максаты — жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын укуктук-ченемдик актыларды иштеп чыгуу, илгерилетүү жана кабыл алуу боюнча дараметин жогорулатуу, ошондой эле жергиликтүү кызматтарды жакшыртууга жана аялдар менен калктын аялуу топторунун кызыкчылыктарын эске алууга багытталган демилгелерди колдоо болуп саналат.
Тренерлер:
▪ Темурмаликова Үпөл — КР ЖӨБ Союзунун укуктук маселелер боюнча эксперти;
▪ Жайлобаева Роза Асанкуловна — эксперт, юрист.
Мындан ары Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын эксперт-тренерлери аял депутаттарды укуктук-ченемдик актыларды иштеп чыгуу жана илгерилетүү боюнча коштоп, консультациялык колдоо көрсөтүшөт.
Вебинардын жүрүшүндө төмөнкү маанилүү темалар каралды:
🔹 жергиликтүү кеңештин сессияларында укуктук-ченемдик актыларды кароо тартиби;
🔹 укуктук-ченемдик актыларды иштеп чыгуу критерийлери;
🔹 укуктук-ченемдик актыларды даярдоо жана илгерилетүү жол-жоболору;
🔹 укуктук-ченемдик актылардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү;
🔹 укуктук-ченемдик актыларды кабыл алууда аял депутаттардын алдыңкы тажрыйбалары.
Өткөрүлгөн вебинарлар аял депутаттардын укуктук билимин жогорулатууга жана жергиликтүү деңгээлде натыйжалуу чечимдерди кабыл алууга көмөк көрсөтүүчү маанилүү аянтча болду.
#swisssupport #жергиликтүү_кызматтарды_жакшыртуу #ӨСИ_ИПР #АМУЦА #helvetas_kg #ЖӨБ_органдарында_ченем_жаратуу
Повторяем попытку...
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео
-
Информация по загрузке: