Памирде тойдо сөзсүз казан каттама коюлушу керек, - Ш.Абдулваид кызы
Автор: Turmush
Загружено: 2018-07-12
Просмотров: 125327
Описание:
Turmush - Ооганстандан Нарын шаарына келип жашап жаткан Ширинбү Абдулваид кызы Памирдеги улуттук тамактардын бири болгон казан каттаманын кандай жасаларын аймактык кабарчыга көрсөтүп берди.
Ширинбүнүн айтымында, казан каттама ар бир тойдо дасторкон үстүнө сөзсүз жасалып коюлат.
«Бизде улуттук тамактар көп эле. Ал эми бул казан каттаманы баарыбыз жакшы көрөбүз. Тойлордо дагы сөзсүз жасап, дасторконго коёбуз. Үйгө мейман келгенде да жасап беребиз. Даамы дагы жакшы болот. Каттаманын дагы бир түрү бар. Ал каймактан жана башка кошулмалардан жасалат.
Бизде казан каттаманы илгертен баалап жешет. Каттаманы бул жактан темир табакка бышырып жатабыз. Негизи Памирде казанга эле жасайбыз», - деди ал.
http://naryn.turmush.kg/news:348685
Повторяем попытку...
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео
-
Информация по загрузке: