Мен сенден кетейинчи - Гүлжигит Сатыбеков/Кавер/Кыргыз ырлар
Автор: Kyrgyz4a Cover
Загружено: 2026-03-12
Просмотров: 696
Описание:
Аткаруучу: Жасалма интеллект
Ырдын аталышы: Мен сенден кетейинчи
Бак тиктик, дарактар да куурап калды,
Тамыры сууга жетпей кургап калды.
Үйрүлүп мээримиңди төксөң дагы,
Көңүлүм жакшы сөзгө суусап калды.
Кайырма:
Мен сенден кетейинчи, кетейинчи,
Жаныңда өзүмдү-өзүм жебейинчи.
Бактымды бир өзүңө байлаганча,
Кыдырып дербиш болуп кетейинчи.
Мен сенден кетким келди, кетейинчи,
Баарын ал, каалаганың берейинчи.
Бүт өмүр бир өзүңө байланганча,
Кыдырып дүйнө кезип кетейинчи.
Көңүлгө бир муздактык уюп алды,
Сезимдер өз-өзүнчө тунуп алды.
Койнуңа чакырбачы, эркелетпе,
Жан дүйнөм сенден качып туруп алды.
Кайырма:
Сөздөрүң мурдагыдай жакпай калды,
Бүркөлүп ар бир күнүм муңга айланды.
Тумчугам кучагыңда түндөр узун,
Өчөшүп таңдар дагы атпай калды.
Кайырма:
Повторяем попытку...
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео
-
Информация по загрузке: