ТОГОЛОК – ӨЛКӨ ӨНҮГҮҮСҮ ҮЧҮН ИНВЕСТИЦИЯ
Автор: Kumtor Gold
Загружено: 2026-02-20
Просмотров: 349
Описание:
«Кумтор Оперейтинг Компани» жабык акционердик коому Кумтор кен жайынан 200 чакырым алыстыкта жайгашкан Тоголок алтын кенин толук кандуу өздөштүрүү үчүн зарыл болгон инфратүзүмдөрдү курууну улантууда.
2023-жылдын 8-августунда “Кумтөр Оперейтинг Компаниге” кенди иштетүүгө лицензия берилип, “Кумтөр Голд Компанинин” каржылык колдоосу менен кайрадан геологиялык тастыктоо ишери жанданган.
Запастарды тастыктоо боюнча геологиялык иштердин алкагында кыска мөөнөттө кендин 40 тилкесинде жалпы узундугу 9,5 миң метрди түзгөн бургулоо иштери жүргүзүлдү. Жалпысынан 11 миңге жакын үлгү алынды. Эски штольнядан жалпы салмагы 8 тоннаны түзгөн 608 бороздук үлгү алынып, тереңдетилген лабораториялык анализ жасалды.
Албетте, кен иштетүүдөгү негизги маселе бул инфраструктуралык курулмалар. Тоголок кенин өздөштүрүүдөгү эң алгачкы маанилүү жумуштар да дал ушул инфраструктуралык курулуш иштери болду. Учурда бул багытта бир катар жумуштар жасалууда.
Алсак:
Ак-Шыйрак айылынан Тоголок кенине чейинки 35 чакырымдык электр чубалгыларын тартуу боюнча даярдык иштери жүрүп жатат. Сары-Бел тилкесинде кубаттуулугу 10 МВт болгон көмөкчордон курулат. Үч-Кошкон тоолуу кыштагынан кенге чейинки техникалык жол долбоорлонуп, Кайчы дарыясы аркылуу жаңы көпүрө салынууда. Геологдор жана тоо-кенчилер үчүн заманбап модулдук үйлөр жана атайын тоо-кен жабдуулары сатылып алынды. Жылына 500 миң тонна руда иштетүүчү алтын ылгоочу фабрика кенден 22 чакырым алыстыктагы Сары-Бел коктусунда курулат.
2026-жылы Тоголок кенинде толук масштабдуу тоо-кен иштери башталат. Биринчи руда ушул жылы казылып алынат деп күтүлүүдө. Ал эми 2027-жылы Тоголок кенинин эң алгачкы Доре куймасы куюлат. Ошол эле учурда келечектүү Жангарт аянтында жалпы узундугу 16 000 метрден ашык бургулоо иштери жүрүп жатат.
Кенди өздөштүрүү 16 жылга эсептелген жана эки этап менен ишке ашат. Биринчи этапта, тагыраагы 7–8 жылдын ичинде ачык карьердик ыкма менен 6 тонна алтын казуу пландалууда. Экинчи этабында жер астынан кен казуу ыкмасы менен 10 тоннадан ашык баалуу металл казылып алынмакчы.
Жалпы алтын өндүрүүнүн көлөмү 16 тоннадан ашат. Тоголок кенин өздөштүрүүдөгү бардык мезгил ичиндеги жалпы кирешеси 2 - 2,3 млрд АКШ долларын, таза кирешеси 600-700 млн АКШ долларын түзмөкчү.
Ал эми капиталдык салымдардын көлөмү 170 - 200 млн АКШ долларын түзөт. Республикалык бюджетке салык жана башка төлөм иретинде 650 - 700 млн АКШ доллары которулмакчы. Өндүрүш толук кандуу ишке киргенде 600 жаңы жумушчу орду түзүлөт.
Повторяем попытку...
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео
-
Информация по загрузке: