Малинадан сезондо 600 миӊ сом тапкан Жапар / Ысык-Көл
Автор: УТРК
Загружено: 2023-06-09
Просмотров: 8135
Описание:
Ысык-Көл айыл аймагына караштуу Тогуз-Булак айылынын тургундары жер иштетип, дыйканчылык менен алектенүүнү колго алышкан. Бул үчүн 8-9 кишиден турган атайын жамааттар түзүлүп, күнөсканаларда жер-жемиштин түрүн өстүрүп келишет. Жыл сайын ар бир жамаат жазган долбооруна жараша жергиликтүү өнүктүрүү фондунан, күнөсканадагы ишин илгерилетүүгө бир жылдык мөөнөткө каражат алат. Бүгүнкү күндө киреше булагына айланган бул күнөсканалардын саны 40 ка жетти. Алар бадыраӊ, помидор, калемпирдин бир канча түрүн, ошондой эле карагат, малинанын көчөттөрүн отургузушкан. Айдаган өсүмдүктөрү кеч күзгө чейин түшүм бере берет. Дыйканчылыктын бул түрү менен ири киреше табууга болоорун айткан дыйкандар, сезондо жок эле дегенде 100 миӊ сомго чейин кирешеге жетсе болот дешет. Эӊ негизгиси органикалык таза азык менен камсыздоону колго алышкан. 2004-жылы 320 миӊ сом менен башталган жамааттардын иши бүгүнкү күндө 2 млндон ашты. Ар жыл сайын өз жемишин берип, бул тармакка кызыккандар да арбын. Мындан улам жамаат менен иштешүүнү башка айылдарда да жайылтуу мерчемделүүдө.
Биздин баракчаларга катталууга чакырабыз
Facebook - / utrkkg
Youtube (УТРК) - / ktrkkgchannel
Instagram - https://www.instagram.com/utrk_live/?...
Телеграм - https://t.me/ktrk_live
Повторяем попытку...
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео
-
Информация по загрузке: