Россияда мекендештеринин колунан каза тапкан 17 жаштагы Анвар Кубанычбек уулу
Автор: Turmush
Загружено: 2023-03-28
Просмотров: 479442
Описание:
Москвада үстүбүздөгү жылдын 22-мартында 17 жаштагы кыргыз жараны бычакталып, каза болсо, бири учурда оор абалда ооруканада дарыланып жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Каза болгон 17 жашар Анвар Кубанычбек уулу 26-мартта кичи мекени Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында жерге берилди. Ал Сокулук районунун тургуну болчу. Атасы мындан 11 жыл мурда жол кырсыгынан бул дүйнө менен кош айтышкан.
2023-жылдын 22-мартында таңга жуук Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва облусунун Красногорск району боюнча башкармалыгынын Павшино кичи районунун полиция бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Подмосковный бульварындагы үйлөрдүн биринин жанында эс-учун жоготкон адамдар жерде жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге полиция кызматы жөнөтүлүп, Кыргызстандын эки жаранын бычакталган абалда табышкан.
Алардын бири Чүй облусунун Сокулук районунун 2005-жылы туулган тургуну Кубанычбек уулу Анвар болсо, экинчиси Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 2004-жылы туулган Х.Р аттуу жараны болгон. Окуя болгон жерден Кубанычбек уулу Анвар тез жардам дарыгерлери келгенче эле каза болсо, Сузак районунун тургуну Х.Р аймактык ооруканага жаткырылган. Учурда абалы оор
Повторяем попытку...
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео
-
Информация по загрузке: