ycliper

Популярное

Музыка Кино и Анимация Автомобили Животные Спорт Путешествия Игры Юмор

Интересные видео

2025 Сериалы Трейлеры Новости Как сделать Видеоуроки Diy своими руками

Топ запросов

смотреть а4 schoolboy runaway турецкий сериал смотреть мультфильмы эдисон
Скачать

"Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин" Нуркабыл Мамбетакуновдун жаркын элесине арналат.

Автор: КОШ-ДӨБӨ24 TV

Загружено: 2024-01-20

Просмотров: 1437

Описание: Байсалдуу турмушу баскан изи, өрнөктүү өмүрү, жаратман эмгеги менен эл агартууга ак дилинен берилип иштеп, өз кесибин жан-дүйнөсү менен сүйүп, мыкты жетекчи катары таанылып аз жашап , , эбегейсиз эмгектерди жасап, арабыздан өтүп кеткен ардактуу агайыбыз Нуркабыл Мамбетакуновдун бейнесине арналат.

Атанын уулу болуу урмат, элдин уулу болуу кымбат дейт даанышман кыргыз эли. Абалтан ушул сөзгө уюп өскөн ар бир кыргыз уулунун элиме эмгек арнасам деген арзуу тилек максаты болсо керек. Оболу ошондой инсандардын катарында атуулдук ар-намысы бийик, Нуркабыл Мамбетакунов экенин танбасак керек.


Мамбетакунов Нуркабыл Токтомамбетович Алыскы Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылында 1957-жылы 23-апрелде жарык дүйнөгө келген. Ошол эле айылдан билим босогосун аттап 1-май орто мектебине кирип , 1975 жылы бүтүргөн.
Мектепти аяктаган соң,
Алгачкы эмгек жолун 1975-1977-жылдар аралыгында 1-май колхоздордорунда жардамчы чабан болуп баштаган. Арийне, Балалыктын баё кыялдары жогорку билим алсам деген эңсөө тилектерине жеткирди. 1977-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин физика факультетине кирип 1982-жылы ийгиликтүү аяктап чыккан. Окуу жылдарында омоктуу ойлору, таалим тарбиясы, кеп-кеңеши менен улуу кесипке умтулткан устаты физика илимдеринин кандидаты Абдисалим Чылымов болду.
Мугалимдик ардактуу кесипти аркалоо жолу, 1982-жылы өзү окуган мектептен башталды. Жаратман жаш мугалимдин жаңыча демилгелери ошол кездеги окуучуларга жаңыча дем берип турду. Нуркабыл агай ишиндеги жетишкендиктери, тынымсыз аракеттери, ар дайым изденүүсү ийгиликке карай сүрөдү. Атап айтканда 1989-1995-жылдар аралыгында мектепте тарбия иштери боюнча орун басар, 1995-жылдан 2003-жылга чейин окуу бөлүмүнүн башчысы, 2003-жылдан 2014-жылга чейин мектептин директорлук кызматын аркалады. Нуркабыл агай мектептин ишин жылдырууда, зор аракетин, күчүн жумшап, натыйжасында мекеме ири ийгиликтерге жетишти, көптөгөн бей өкмөт уюмдар, демөөрчүлөр менен иштешип мектептин материалдык базасын чыңдоого чоң салым кошту. Ар бир ишин алкоого арзый турганын баса белгилеп айтууга болот. Өмүрүнүн 32 жылын эл агартууга арнады. Нуркабыл агайдын жетектеп турган мезгилин, уюштуруучулугун, башкаруучулук дараметин кесиптештери, ошондогу окуучулар, айылдаштары суктануу менен эскеришет, жагымдуу элестер менен эсте калды. Сөөлөттүү сөзү, санаттуу сабактары, адеп-ахлагы, жүрүм туруму баарын суктандырып турчу. Үзүрлүү иши менен баардыгына үлгү болуп, миңдеген окуучуларды тарбиялап, туурунан учурду.
Нуркабыл агай мектептин чарбалык иштерин мыкты жөнгө салды. Атап айтканда,
Мексико уюму менен биргеликте 87-миң сомго 4-класска парта, 2007-жылы АРИС программасынын негизинде 375 миң сомго компьютердик класс жана маалыматтык борбор ачылды. Ата-энелердин демөөрчүлүгү менен мектептин айланасы толук пескоблок менен тосулду.
Окуу-тарбиялык иштериндеги көптөгөн жетишкендиктер менен бирдикте, Эргеш Мейманов атындагы орто мектеби облуста мыкты мектеп сынагына катышып, 2012-жылдын мыкты мектеби номинациясында баш байгени жеңип алып Хонда Одиссей үлгүсүндөгү автоунаага ээ болду. 2013-2014-окуу жылында окуу тарбиялык иштерде жана мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоодо төмөндөгүдөй ийгиликтерге жетишти.
БУУнун азык-түлүк программасынын долбоорунун негизинде 1-4 класстарга ысык тамак берүүнү жакшыртуу максатында, 570 000 сомго ашкана учкун заманбап жабдыктар алынды. АРИС тарабынан мектептин 2-корпусунун чатыры 846000 сомго алмашылды. 2014-жылы Түрткү берүүчү фонддун жардамы менен мектептин 1-корпусунун чатыры 1 500 000 млн сомго алмашылды. 1-2-3 корпустарга демөөрчүлөрдүн жана АРИСтин колдоосу менен 530 000 сомго таза суу кирип, жуунгучтар орнотулуп, септиктер жасалды.

Нуркабыл агай мектептин директорлук кызматында 11 жыл иштеп ошол жылдар ичинде 9 жолу биринчи орунду жеңип алган. 2011-жылы мектеп райондогу алдыңкы мектеп номинациясын жеңип алган. Айтып отурсак арбын аракеттер менен көптөгөн иштер аткарылган, анын орчундууларына гана токтолдук.

Даярдаган: Эрлан Смайыл уулу

#өрнөктүүөмүр #нуркабылмамбетакунов

Не удается загрузить Youtube-плеер. Проверьте блокировку Youtube в вашей сети.
Повторяем попытку...
"Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин"  Нуркабыл Мамбетакуновдун жаркын элесине арналат.

Поделиться в:

Доступные форматы для скачивания:

Скачать видео

  • Информация по загрузке:

Скачать аудио

Похожие видео

КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ КҮРӨӨКАНАЛАРДЫ ТЕКШЕРҮҮНҮ ТАПШЫРДЫ

КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ КҮРӨӨКАНАЛАРДЫ ТЕКШЕРҮҮНҮ ТАПШЫРДЫ

ТҮШКҮ ЖАҢЫЛЫКТАР 26.01.26: КЫРГЫЗ ХОККЕЙЧИЛЕРИ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ БОЛДУ!

ТҮШКҮ ЖАҢЫЛЫКТАР 26.01.26: КЫРГЫЗ ХОККЕЙЧИЛЕРИ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ БОЛДУ!

Почки скажут вам: всего 1 стакан перед сном и ночные походы в туалет исчезнут | ПАМЯТЬ И МОЗГ

Почки скажут вам: всего 1 стакан перед сном и ночные походы в туалет исчезнут | ПАМЯТЬ И МОЗГ

Кеменгер: Кошок айтуу өлүк зыйнаты эле эмес, медициналык жактан да организмге таасири бар

Кеменгер: Кошок айтуу өлүк зыйнаты эле эмес, медициналык жактан да организмге таасири бар

КВН Тамашоу - 2013 1/8 Приветствие

КВН Тамашоу - 2013 1/8 Приветствие

СРОЧНО! ГЕНЕРАЛ ТАШИЕВ АЙТЫП БҮГҮН КАМАДЫ / ЭЛДИН БААРЫН ШОК КЫЛДЫ / ЭЧ КИМ КҮТКӨН ЭМЕС!

СРОЧНО! ГЕНЕРАЛ ТАШИЕВ АЙТЫП БҮГҮН КАМАДЫ / ЭЛДИН БААРЫН ШОК КЫЛДЫ / ЭЧ КИМ КҮТКӨН ЭМЕС!

Жетимдиктин азабын тарткан Кубанычбек

Жетимдиктин азабын тарткан Кубанычбек

Почему зарядка после 60 ускоряет потерю мышц? Парадокс сардинских долгожителей | ЗДОРОВЬЕ ДАРОМ

Почему зарядка после 60 ускоряет потерю мышц? Парадокс сардинских долгожителей | ЗДОРОВЬЕ ДАРОМ

Семетей. 30-көрсөтүү. Акун хандын кызы Айчүрөктүн ак куу кебин кийип, эр издеп учканы.

Семетей. 30-көрсөтүү. Акун хандын кызы Айчүрөктүн ак куу кебин кийип, эр издеп учканы.

ТУМАНБАЕВДИН

ТУМАНБАЕВДИН " ТУМАНДУУ " РЕФОРМАСЫ | ЫДЫРЫС ИСАКОВ

Кыргызы и Римская империя

Кыргызы и Римская империя

"Акыркы коңгуроо аземи" 2013-2014 окуу жылы Кош-Дөбө айылы Эргеш Мейманов мектеби

ДНК-тест КЫРГЫЗОВ шокировал ученых! / Почему история врала нам?

ДНК-тест КЫРГЫЗОВ шокировал ученых! / Почему история врала нам?

Как выбраться из капкана бессилия? М.С. Норбеков

Как выбраться из капкана бессилия? М.С. Норбеков

Эргеш Мейманов атындагы орто мектеби

Эргеш Мейманов атындагы орто мектеби

Даниэль Жумабек - Биздин мектеп / Жаны 2020

Даниэль Жумабек - Биздин мектеп / Жаны 2020

ОТКЛЮЧИЛ ЭТО в Play МАРКЕТ и ОФИГЕЛ!! Мой ANDROID ТЕЛЕФОН ЛЕТАЕТ После этих настроек!!

ОТКЛЮЧИЛ ЭТО в Play МАРКЕТ и ОФИГЕЛ!! Мой ANDROID ТЕЛЕФОН ЛЕТАЕТ После этих настроек!!

Эти 5 орехов разрушают почки, а 4 могут спасти от почечной недостаточности | ПАМЯТЬ И МОЗГ

Эти 5 орехов разрушают почки, а 4 могут спасти от почечной недостаточности | ПАМЯТЬ И МОЗГ

Тайна происхождения: Крымские татары и великая ложь о кочевниках

Тайна происхождения: Крымские татары и великая ложь о кочевниках

99% БАШКИР НЕ ЗНАЮТ ЭТОГО! Тайна происхождения ДНК башкир, которая потрясла мир генетики

99% БАШКИР НЕ ЗНАЮТ ЭТОГО! Тайна происхождения ДНК башкир, которая потрясла мир генетики

© 2025 ycliper. Все права защищены.



  • Контакты
  • О нас
  • Политика конфиденциальности



Контакты для правообладателей: [email protected]