✅ Ош шаарында 10 жаңы мектеп курулат
Автор: ОшТВ Каналы
Загружено: 2026-02-10
Просмотров: 3976
Описание:
🔹 Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жана Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин катышуусунда Ош шаарында курула турган жаңы мектептердин курулушу боюнча жыйын өттү.
🔹 Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылы Ош шаарында курулушу пландалып жаткан 10 мектептин долбоорлору, алардын курула турган жерлери, инфраструктуралык камсыздоо маселелери жана курулуш иштеринин этаптары талкууланды. Ошондой эле жер тилкелеринин даярдыгы, долбоордук-сметалык документтердин тактыгы жана курулуш мөөнөттөрүн сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
🔹 Жыйындан соң шаар мэри министр жана тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликте курула турган 10 мектептин аймактарын жеринен көрүп чыгышты. Курула турган социалдык объектилер заманбап талаптарга жооп бериши, сапаттуу материалдар колдонулушу, курулуш иштеринде ачык-айкындык жана жоопкерчилик камсыздалышы керектиги белгиленди.
🔹 Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы республикалык бюджеттин эсебинен Ош шаарында 10 мектеп курулат. Анын ичинде С. Жигитов атындагы (К. Маркс) жана М. Ломоносов атындагы мектептердин эски имараттары толугу менен бузулуп, ордуна жаңы заманбап мектептер тургузулат.
🔹 Аталган 10 мектепти 2026-жылдын 1-сентябрына чейин толук бүтүрүп, пайдаланууга берүү пландалууда.
Повторяем попытку...
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео
-
Информация по загрузке: